Кыргыз эли саясаттагы өң тааныш жүздөрдөн катуу көңүлү калгандыктанбы, президенттик жарышка аз убакыт калганына карабастан, келечегин кимге ишенип берерин чече элек. Мына, эгемендүүлүк кезеңде өлкөнү төртүнчү президент башкарып жатат, эки революция болуп өттү, бирок, эл турмушу ордунан козголгон жок, кайра тескерисинче, жылдан жылга начарлап баратканы жалганбы? А эл башкарган топ жаңыланган жок. Кайра эле баягылар бийлик олимпин ээлеп алып, кеткиси жок. Ошондойдо эл жаңы жүздөрдү күтөт экен, жаштарга үмүт артат тура. Мына ошондой келечекте кыргыз элине кызмат кылып, эл  турмушун оңдоого бел байлап, президенттик жарышта өз бактысын сынамакчы болуп турган эр-азаматтардын бири – Санжар Энназаровду кепке тарттык.

 

- Сизди быйылкы президенттик шайлоого талапкерлигиңизди коет деп угуп калдык, буга чейин саясатка аралашпаган жаш ишкер эмнеден улам мындай чечимге келди?

 

- Мектепте окуп жүргөн кезимден эле мамлекеттик иштерге аралашкым келип, мекенимдин кыйынчылыктан чыга албай атканынын себебин издей берчүмүн. Кыргызстандын жараны болгонумдан кийин анын өнүп-өнүгүүсү, татыктуу жашоого бет алышы менин дагы кызыкчылыгымдагы нерсе. Канча жылдан бери көңүлүмдү өйүп жүргөн бир топ маселелер быйылкы президенттик шайлоого катышууга түрттү. Карап көрсөң, парламенттик болобу, же президенттик шайлообу, бир дагы жаңы жүз жок. Кайра эле баягы эски жүздөр, нечен жыл мамлекеттик кызматтарда иштеп, бирок, мамлекеттин алдыга жылуусуна салымын кошо албагандар талапкер болушат. Мен мурдагы шайлоолордо элге биротоло көнүмүш болуп калган талапкерлердин арасынан бир жаңы адамды көрөмбү (?) деп үмүт кылчумун. Топурап баягылар эле жүргөндүктөн, айласыз Кыргызстан бир ууч адамдын гана колунда калганын байкайсың. Мындай нерсени улантууга болбойт, кадрлар жаңыланмайын, өлкөдөгү олуттуу өзгөрүүлөрдү күтүүгө негиз жок. Көп жыл иштеп, бирок, ишинин жыйынтыгын көрсөтө албагандар, билимдүү жаштарга орун бошотуп, кеп-кеңешин айтып эле отурушса болот. Ошондуктан, жаштарга жаңы жүз, жаңы идея берип, талапкерлигимди коюу ниетинде турам.

 

- Көңүлүңүздү өйүгөн кандай маселелер бар?

 

- Бизде мекенчил жаштар көп, өлкөнүн ар бир ийгилигине кубанып, кемчилигине жаны ачыган патриоттордон уучубуз куру эмес. Бирок, аларга  өз дараметтерин көрсөтүүгө тийиштүү тарап мүмкүнчүлүк  бербей атат. Күндөн күнгө турмуш оорлоп, адамдардын аң-сезимин тиричилик көйгөйү ээлеп алганы жашыруун эмес. Азыр кимди жолуктурба, ким менен акыбал сурашпа, маселеси толтура. Анын эртеңки күнгө жаркын үмүтү эмес, санааркаткан маселеси гана бар. Бул эмнеден улам болуп атат? Мамлекеттин өз жарандарына жетиштүү камкордук көрбөгөнүнөн. Ар ким өз көмөчүнө күл тартып, арабасын алдыга сүйрөө менен алек. Чачкын кызыкчылыктар орун алганда, мамлекеттин келечегине бирдиктүү аракет болбойт. Бирдиктүү аракет болбосо, азыркыдай кыйчалыш акыбал көпкө бизден кетпейт. Чындыгында, биздин мамлекет насыя, грант менен гана жашап калды. Бишкектин жана айрым аймактардын жолдору оңдолуп атпайбы, бул албетте, жакшы көрүнүш. Бирок, анын баары бюджеттен эмес, сырттан алынган насыялардын негизинде каржыланып атат. Алган карызды акыр түбү кайтарууга туура келет. Демек, биз бүгүнкү аракетибиз менен келечек муундардын моюнуна олчойгон карызды илип коюуга баратабыз. Учурда сырткы карызыбыз 5 миллиардга жетип калганын айтып жатышат. Бийликтегилер насыя алып, мөөнөтү бүткөндөн кийин кетип калышат, биз балдарыбызга, неберелерибизге гүлдөгөн өлкөнү эмес, толгон карызды мураска калтырабызбы? Анан да бизде иш аткарган адамдан жетекчи көп. “Беш прораб, бир курулушчу” дегендей эле, беш чиновникке бир жумушчу туура келсе керек. Чакан, бутуна бекем тура элек мамлекет болсок, анчалык көп башкаруучунун эмне кереги бар? Үнөм менен жашоо зарыл. Чиновниктер көп болгон сайын, коррупция да күчөөрүнө күбө болуп атабыз.

 

- Жеке ишкерчиликтин өнүгүүсүнө жол ачууга бир топ демилгелер көтөрүлгөн, алар максатына жеттиби, же бул жаатта дагы деле тоскоолдуктар барбы? 

 

- Ачыгын айтайын, биздин өлкөдөгү ар бир ишкер тийиштүү кызматтарга - орусча айтканда “лакомый кусочек” көрүнөт. Салык төлөө ишкердин мамлекетине кошкон салымы, андан талаш жок, бирок, ашыкча текшерүү, чектен тыш документтер топтому энергияны да, убакытты да алып, каражат жагынан кыйынчылык жаратат. Кайсы бир ишти баштоо ашыкча түйшүк жаратпашы керек. Ар бир жаран көзү жетсе, жеке ишин баштасын. Жеке ишкерлердин көбөйүүсү - бюджеттин кепилдиги. Алар мамлекетке салык төлөп, азганак адамды болсо да жумуш менен камсыз кылып, өз үй-бөлүсүн багып атышпайбы. Кысмакка алуу менен айрым ишкерлердин баштаган ишин орто жолго таштап, четке чыгуусун камсыздап коебуз. Кээде, ашыкча убаракерчиликтен чарчап, мамлекет жеке ишкерлерге жетиштүү деңгээлде шарт түзүп бере албай атканына жаның кейийт.

 

- Ишкерчилигиңизге да кайрылалы, кайсы жаатта иш алып барасыз?

 

- Курулуш жаатында иштеп атканыма бир топ жыл болду. Шаарыбыздын көркүнө көрк кошуп, бийик кабаттуу, сапаттуу турак-жайларды курууну көздөгөнбүз. Акырындык менен ал тилегибиз ишке ашып келатат.

 

- Азыр бизде курулуш компаниялары көп, турак-жайлар арбын салынып атат, бирок, ага карабай дагы деле калк арасында үй көйгөйү бар. Бул эмнеден улам деп ойлойсуз?

 

- Биздин компания кымбат баадагы батирлерди да, “үнөм-класс” деп аталган орто оокаттуу жарандарга жетимдүү батирлерди да курат. Үй маселесинин курчуп турганынан себеби катары мен Кыргызстандагы бааларга жарандарынын тапкан кирешеси барабар болбогондугун айтам. Өзүңүздөр деле билесиздер, азык-түлүктөрдүн баасы Россиядагы баа менен дээрлик тең. Ал эми бул эки өлкөнүн жарандарынын айлык маянасын карап көрөлүчү, асман менен жердей айырма табабыз. Үй маселеси да ушул сыяктуу. Курулуш компаниялары курулушка керектүү материалдарды сатып алган, курулуш чыгымдарына кеткен чыгашаларга жараша батирди нарктайт. Келип чыккан сумма калктын калың катмарына, болгондо да так ошол турак-жайга таңсык жарандарга жетимдүү болбой калат. Бул үчүн компанияларды күнөөлөөгө негиз жок. Алар да эмгегине жараша акы алууга аракеттенишет. “Үнөм-класс” деп айтпадымбы, андай батирлерди мүмкүн болушунча, айлык акыга иштеген, бюджеттин көзүн караган жарандарга ылайыктуу болсо экен деп курабыз. Сапаттуу да, ошол эле кезде арзан да батир куруунун чындыгында, кымбат батирлерди куруудан машакаты көп. Ага карабай, элди, жаш жубайларды үй менен камсыз кылалы деген тилегибиз бар. Ойлоп көрсөң, адамзатынын турмушундагы башкы нерсе – турак-жай. Жаш жубайлар так ушул маселенин артынан пикир келишпөөчүлүккө барып, ажырашып кеткендерин деле көрүп жүрбөйбүзбү. Акыркы жылдары никеге тургандарга караганда, никеси бузулгандардын саны арбыды. Илгери, кайсы бир үй-бүлө ажырашыптыр деп уксак, аларга жашоо токтогондой эле катуу кабыл алчубуз. Азыр эмне, мындай сөз “жалбырак жерге түштү” дегендей эле болуп калды. Менимче, социалдык көрсөткүчтүн ылдыйлашы үй-бүлөлөрдүн бузулушуна таасирин берип атат.   Ажырашуунун көбөйүшүн жаштардын туруксуздугуна шылтап койбой, башка өңүттөн караш керек. 

 

 - Сиз компанияңыз аркылуу канча адамды жумуш менен камсыз кылдыңыз?

 

- Чакан компания болгондуктан, анчалык көп деле жумуш ордун түзө албадык. 50-60 чакты курулушчу менен иштеп атабыз. Кыргызстанда жашап атканыбыздан кийин биздеги айлык маяна дагы өлкөдөгү көрсөткүч менен ченелип турат. Курулушта иш оор, кара күч керектелет. Жумушчулардын тың жашоосу үчүн маянаны көтөрүүнү каалайсың. Баары жетишип турса, тапкан акчасы балдарынын, үй-бөлүсүнүн керектөөсүнө кеңири жетсе, көңүлдөнүп иштеп, сапатка басым жасайт. Алдыда маянаны көтөрүү ниетибиз бар.

 

- Буга чейин саясий партиялардын катарында болдуңуз беле? Чоң жарышка аттанчу адам алгач саясий партиялардын катарында өзүн такшалтат эмеспи. Же, өзүңүз партия ачууну ойлондуңузбу?

 

- Жок, бир да саясий партияга мүчө эмесмин. “Бизге таза жаңы жүздөр керек”,- дешип чакыргандар убагында болгон. Бирок, канча саясий партия болсо, арасынан өзгөчөлөнүп, суурулуп чыга алганы жок. Арасына аты жаман ишке аралашпаган, курч, билимдүү  жаштарды кошуп алганы болбосо, төбөсүндө баягы эле бийликте отуруп көнүп калгандар турушат. Андыктан, кошулууга көңүлүм келбеди. Өзүм да партия түзүүнү каалабайм. Мен жөн гана, элге мекенине кайдыгер карабаган, мамлекеттин жүгүн моюнуна артуудан жалтанбаган жаштардын мууну өсүп келатканын кабарлагым келет.

 

- Кандай үй-бүлөдө чоңойгонуңуз тууралуу да айтып берсеңиз. Жогорку билимди Түркиядан алган экенсиз, ал жакка кандайча тапшырып калдыңыз?

 

- Жалал-Абад облусунан болом.  Мугалимдердин үй-бүлөсүндө тарбияландым. Мугалимдердин жашоо-шарты баарына белгилүү да, билимдин башаты болушканы менен коомдун өгөй балдарындай эле көңүлдөн сырт калышкан. Андыктан, менин чет өлкөдөн окушума, жеке ишкерликти башташыма ата-энемдин кийлигишүүсү болбоду. Мектепти аяктагандан кийин Түркияга окууга тапшырып, өтүп кеттим. Азыр мен мекенимден алыскы жерде окуганыма кубанам. Анткени, адам канчалык эли-жеринен алыс жүргөндөн гана, патриоттук сезимдери ойгонуп, ашкере мекенчил болуп чыга келет экен. Мен бир нерсени белгилейин, “улутчул” деген сөздү жектөөнүн кажети жок. Улут ар бир адамга кымбат. Ар бир адам өз улутун барктап-баалайт. Өз улутунун баркына жетпегендер, башка улуттун да өзгөчөлүгүн сыйлай алышпайт. Мен өзүмдү улутчулмун деп айта алам. Өз улутум менен сыймыктанам, мактанам, ошол эле учурда дүйнөдөгү башка ар бир улуттун каада-салтын, динин, тилин сыйлайм.

 

Акчолпон Даниярова

Булак: «Майдан.kg» гезити

 

Редакциядан: Санжардын өлкөнү терең кризистен куткаруу багытында программа-платформасы барбы? Бул тууралуу кийинки сандарда кеп учугун улантабыз...