Тээ бир топ убактан бери келе жаткан, бийликтин партиясында эмгек сиңирген КСДПчы бар - ал Мирбек Асанакунов. Бул киши жөнүндө айта турган сөз көп. Анткени, анын кылыктары бир топ. Мисалы, бир мезгилде мындан 3-4 жыл мурун Асанакунов Ысык-Көл облусуна губернатор болуп дайындалып, ал жерде алгылыктуу иштей албай, көлдүктөрдөн бир топ ачуу сөздөрдү угат. Андан соң “Служебный роман” деген ызы-чуу менен акыры ал кызматтан алынат.

 

Бирок, анын кетиши “служебный роман” эмес, анын себеби баягы эле паракорлук болгон. “Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондусунан чоң акчаларды жеп алды” деген кеп чыккан, ал кептин арты менен Асанакуновго кылмыш иши козголгон. Бирок, колдоочусу күчтүү болсо, казактар айткандай “акчаң болсо калтанда, каалашанча талтаңда” дегендей, бул дагы бийлик жана байлык менен өзүнө козголгон кылмыш ишти жым-жым кылып, бүтүрүп, сотко жеткирбей салганга үлгүргөн. Чынында Мирбек Асанакуновдо андай мисалдар абдан көп. Азыркы мезгилде, кыштан бери эзели профсоюздарга тиешеси жок болгон Мирбек Асанакунов колтойгон Кыргызстан профсоюздар федерациясынын төрагасы болуп дайындалыптыр, ушул жерден көңүл бургула сөздүн маанисине – шайланган жок, дайындалды. Ал эми профсоюздардагы жетекчинин шайлоосу суу жүрөк профсоюз “лидерлери” формалдуу, кол көтөргүлө дегенде, кыңк дебей кол көтөрүп беттери кызарбай жашы деле, карысы деле туруп беришти.

 

Кызыгы, “шайланаардын” алдында, сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндө, Кыргызстан профсоюздар федерациясынын төрагасы болгондон кийин деле, ылгабай эле мактана берет экен - “мени бул жакты шеф оңдо деп жөнөттү”,- деп. Шефи ким экени түшүнүксүз, Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты, анын аялы Гүлүкан Молдобаевабы, президент Алмазбек Атамбаевби же “шоопурбу”. Кыскасы, профсоюздар федерациясына Ак үй жактан заманбапча айтканда “кризис менеджер” болуп дайындалган бери, өзү эле тынчы жок болгон ал уюмдун ичинен, өлгөнгө-көмгөн болуп алардын ашмалтайын чыгарып, боткосун кайнатып жатыптыр.

 

Ал “боткону” болгондо дагы бекер бербей акылы тайкы, өз көлөкөсүнөн коркуп жүргөн жанагы лидерлерге сатып жатыптыр. Биз “профсоюздарда дагы кызматтар сатылып калыптыр” дегенди укканда таң калдык, көрсө, ал жанагы курорттордун башчыларынын орундары экен. Жаңы “прайс” боюнча дүң баасы 20 миңден 50 миң АКШ доллары деп айтып жатышат. Эң кызыгы, бир орун 2-3 кишиге сатылып кетиптир. Эми, ал бечаралар же “акчамды бер”, же “орунду алып бер” деп тигинин эшигин каккылап жүрүшүптүр, айласы кеткенде, “колуңардан келсе басып алгыла” дегенсип, мыйзамдуу иштеп жаткан директорду кетире электе ошол эле жерге дагы бирөөн дайындап салыптыр.

 

Өзү эле мына-мына жарылайын деп, араң жаткан профсоюздарды КСДПчы Мирбек Асанакунов катуу дүрбөлөңгө салыптыр. Ал дайындаган Эркебай Мааткеримов деген неме, күүлөнгөн бойдон Жалал-Абад курортуна барып “права качать” этсе курорттун жамааты аны кабыл албай, ортодо чыр чыгып, мушташка чейин барышып, Мааткеримовдун баскынчылары ошол жерде иштеген аялдары кошо уруп-сабашыптыр. Азыр, аймактык бир ооруканада Жалал-Абад санаторийдин кадрлар бөлүмүнүн башчысы көк-ала болуп жатыптыр. Эми, ушул Асанакунов дагы бир кызык киши окшойт. Ишти  кылса  мыйзамдуу кылбайбы, бирөөнү дайындаардын алдында башканы мыйзам чегинде кетирип, элди уруштурбай, тополоңго жол бербей койбойбу (!) дегиң келет экен. Өкүнүчтүүсү, ошенткендин ордуна өзү мыйзам бузду.

 

Ынтымагы жок, ыркы кеткен профсоюздарды ынтымакка келтирүүнүн ордуна, ал тескерисинче чоң чыр салды. КСДПын кадры “мактанган кыз тойдо осурат” дегендей, кайсы бир шефтин ишенген кадыры кеткен кадры Мирбек Асанакунов профсоюздарды жыргатпай калды. Башкача айтканда, ага нааразы болгондор абдан көп экен, тармактык жана аймактык жетекчилер аны бул кызматтан кетириш керек деп кекенип калышыптыр.