Жогорку Кеңештин жыйынында «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Аида Салянова аталган фракциянын катчылыгында иштегендерге да куугунтук башталганын билдирди.
«Биздин фракциянын катчылыгында иштеген кызматкерлерге да куугунтук башталды. Партиянын кандай тапшырмасы болсо, аны фракция аткарат, фракцияга катчылык жардам берет. Анан ал үчүн куугунтукка алганыңар туура эмес. Ушундай аракеттерге түп-тамырынан бөгөт койгула, Чыныбай Акунович»,- деп Салянова спикерге кайрылды.
Аталган фракциянын дагы бир депутаты Каныбек Иманалиев коркутуу кимдер тарабынан болуп атканын билишерин, бирок, ачык айтуу эрте экенин кыйытты.