Улуттук оппозициялык кыймылдын лидерлери Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров, Дастан Сарыгулов жана Эрнест Карыбековдорго байланыштуу сот чечими бүгүн, 17-апрелде чыгышы мүмкүн.  Бул тууралуу соттолуучулардын жакындары билдиришти.

 

Учурда сот жүрүп жатат.

 

Маалыматка караганда, Кубанычбек Кадыров акыркы сөзүн айтып жатат.

 

Учурда Сузакта жүздөй адам Бектур Асановду колдоо акциясын өткөзүүдө. Алар Кара-Дарыя айылынан район борборуна чейин жөө жүрүш уюштурушту. Алар адилеттүү сот чечимин талап кылышууда.

 

Ошол эле маалда “Элдик парламент” кыймылынын башчылары Бекболот Талгарбеков, Толубай Колубаев, Марат Султанов, Александр Гусев жана Тойгонбек Калматовдорго карата ачылган кылмыш ишинин негизинде да сот процессии уланууда.

 

Мамлекеттик айыптоочу Дастан Сарыгуловго 12 жыл эркинен ажыратуу жазасын берүүнү өтүнүүдө. Бектур Асановго – 15, Эрнест Карыбековго – 22 жыл түрмө мөөнөтү үй-мүлкүн конфискациялоо менен чогуу суралды.

 

Аталгандар мындан бир жыл мурун мамлекеттик бийликти күч менен басып алууга ниеттенген деп кармалган.