Урматтуу мекендештер,

 

“Ата-Мекен” партиясынын лидерлери Ө.Текебаев жана Д.Чотонов камакка алынып, аларды жок эле дегенде үй камагына чыгарып, тергөө иштерин жүргүзүүнү КР Президенти А.Атамбаевдин алдына мойнума камчы салып суранганыма бир далай мезгил өттү. Ортодо тарыхый 17-март, 24-март жана 7-апрель күндөрү өттү. Ошол күндөрү жолугуп каламбы деген үмүттөрүм таш капты. Президент А.Атамбаев менин мойнума камчы салынып, кабыл алуу жөнүндөгү өтүнүчтөрүмө жооп да берген жок.

 

Ушундай эле болоорун билгем. Бирок тарыхый оор мезгилдерде, кыл чайнашып катар жүргөн үзөңгүлөшүнүн болоор-болбос өтүнүчүн айкөлдүк кылып кабыл алат го деген үмүт болду эле. Мурда бир нече адамдарды өлтүргөн Батукаевке деле ырайым болбоду беле? “Ага караганда Ө.Текебаев менен Д.Чотонов президентке мен сыяктуу эле революциядагы өнөктөшү эмеспи. Адам өлтүрүшпөсө...”- деген ишенимде элем. Бүгүн Президенттин алдында канчалык кадырым бар экенин дагы бир жолу билип, жүрөгүм ооруп туру. Жүрөгүмдүн ооруганынын дагы бир себеби - 17-марттагы Аксыдагы, 24-март, 7-апрелдеги иш-чаралардагы көрүнүштөр болду. 17-мартта Аксы районундагы Боспиектеги куран окуутудагы көрүнүш 2002-жылдары ошол кездеги президент А.Акаевдин Аксыга келип куран окутушунан айырмасы жок. А.Акаев же Н.Танаев Аксыга келет деп бүт республика боюнча аксылык аткаминерлер чогулуп келип, Топчукем (Тургуналиев) өз убагында айткандай, район боюнча дүжүр чалдар-балдарды топтошуп, аларга Аксы окуясында шейит болгондордун ата-энелерин, жесирлерин, жарадар болгондорду кошуп, райондун акими айыл-өкмөт башчылары турушчу эле.

 

Азыр деле ошондой, дагы деле ошолор, Акаев тарапта турушкандар. Ал түгүл 2009-жылы президенттик шайлоодо Бакиев тарапта турушуп Атамбаевдин Акман айылындагы ууланган кейпин дисктерге көбөйтүп, Аксыда айылма-айыл “Атамбаев мас”- деп таркатышкан айрым бакиевчилер азыр райондогу эң башкы атамбаевчи болуп С.Жээнбековдун кучагында жүргөнүн көрүп жийиркенесиң... Болгон айырмасы анда президент, аны коштоп жүргөндөр Аксы окуясынын күнөөкөрлөрү деп "бир ууч оппозицияны" айтышса, азырка президент ошондогу президент Акаевди баш кылып күнөөлөп, “Аксы элин баатыр эл, Аксы эли Үзөңгү-Кууш үчүн көтөрүлгөн”, “Аксы эли болбосо 24-март, 7-апрель болбойт эле”- деп чындыкты туура белгиленгени менен айырмаланат. Ошондо баатырлык көрсөтүп окко тике карап, тиягы Ошко, биягы Бишкеке чейин "Акаев кетсин" деген жөө жүрүштө ураан менен жүрүшкөндөр, акыры 24-мартта Акаевди кетиришкендер азыркы бийлик тарабынан деле өгөйлөнүп, 17-марттагы президенттин аземине чакырылбай келет. Ошол кездегидей эле мен Кара-Сууда алар менен болуп, окко учкандарга куран окутабыз. 24-марттагы, 7-апрелдеги көрүнүштү карап олтуруп мурдагы менин революциячыл үзөңгүлөшүм, азыркы президент А.Атамбаевдин тарыхый тагдырлаштары калбай калганбы, деп же чын эле эки революцияны тең өзү жап-жалгыз жасаганбы (?) деп аргасыз ишенесиң. Ушундай тарыхый күндөрү тирүү жүргөн тарыхый үзөңгүлөштөрүн жээрип, айрымдарын камап, жалгыз калганына кейийт экенсиң. Тарыхый даталардын урматына президенттер камактагыларга ырайым мунапыс деле берет эмеспи. Жок дегенде Б.Асанов, К.Кадыров, Ө.Текебаев, Д.Чотоновго ырайым кылып койсо коомчулук туура эле кабыл алмак. Себеби, бул төртөөсү кечээ эле үзөңгүлөш, пикирлеш эле да. Айтор эмнеси болсо да мен кардым үчүн эмес, кадырым үчүн мойнума камчы салдым эле. Бул анттуу салттын маанисин Президент же анын кеңешчилери түшүнбөдү окшойт. Атаганат! Мен камчымды мойнумдан алдым...

 

Азимбек Бекназаров