- Эдил мырза, “Садыр Жапаров венасын кесиптир, мойнундагы күрөө тамырын кесип, өзүнө өзү кол салыптыр”- деген маалымат тарады. Буга ишенсек болобу?

 

- Мен эч качан Садыр Жапаров өзүн өзү өлтүрүүгө аракет кылды деп ишенбейм. Мындайга ал киши эч качан өзү бармак эмес. Жанагы протест кылуу аракети катары жасаган учурда дагы дем алыш күнү түн ичинде жасамак эмес. Негизи протест катары жасалган иштер  мындай мезгилде жасалбайт. Бул 100% криминалдын кол салуусу. Анан ушундай болоорун билип туруп же болбосо атайын уюштурулушун заказ кылган бийликтин Садыр Жапаровту СИЗО №1ге камашынын натыйжасы.

 

- Бирок, жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын байкоочу кеңешинин мүчөсү Чолпон Өмүрканова Садыр Жапаровдун оозунан жазылган “өзүмө-өзүм кол салдым” деген түшүнүк катты социалдык түйүндөрдө жарыялады го? Бул эмнеден кабар берет?

 

- Садыр  Жапаров - азыр өзү эле эмес, канча бир тууганы, балдары жана тарапташтары менен чогуу барымтада отурат. Бир туура эмес сөз сүйлөсө - өзүн өлтүрбөсө дагы, балдарынан чыгарып коюшары мүмкүн. Бул бийлик менен каракчылардын биримдиги. Бакиевдердин эң ыплас ыкмасын Атамбаевдер дагы пайдаланууда.

 

Чынайым Кутманалиева

Булак: “Майдан.kg” гезити