Айтылуу орус тамсилчиси И.Крылов “Өтүкчүнүн наабайчы болгону коркунучтуу” дегендей, криминалдар менен ууру-кескилер, шылуун-шумпайлар аким, депутат, министр, саясатчы болгон азыркы кыргыз бийлигинде айрым “балык” депутаттарды жазган мыйзамы менен интеллектуалдык деңгээлине карап эмес, артындагы “калбырына” карап гана таанууга болот. Болгондо да андайлар бийликтин КСДП фракциясынан экендиги таң каларлык. Өткөн жумада УКМК аталган фракциянын мүчөсү Музафар Исаковго айыбы угузулду. Ал эми кылмыш иши 13-февралда козголгон болчу. Көрсө, Сузак районундагы Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп турганда 315 мыйзамсыз токтом чыгарыптыр. Андан соң 2010-2015-жылдар аралыгында райондук архитектура жана Мамлекеттик каттоо кызматкерлери менен жең ичинен сүйлөшүп алып, 14,34 гектар айыл-чарба багытындагы жерди жеке курулуш иштерин жүргүзүүгө берген. Ошондой эле тергөө маалында жарандар жер тилкелерин Исаков саткандыгын билдиришкен. Баса, президент А.Атамбаев бир жолу КСДП партиясы депутаттыкка таза адамдарды гана тандап алгандыгын айтпады беле. Эми оштуктар айткандай, бул жагы кандай болуп калат?

 

Булак: “Майдан.kg” гезити