Төмөндө Канышай Мамыркулованын “Фейсбукта” жазган кеби:
 

“Жарым жылдан бери Алмазбек Шаршеновичти сындай берип жакшы көргөндөрдүн “аллергиясын” карматып келе жатканымды жакшы билем. Алардын катары дагы күндөн-күнгө азайып келе жатканын андан бетер билем. Фейсбукка салык төлөбөгөндөн кийин “жарымы төгүн, жарымы чын” деп төгүп жүргөндөй көргөндөргө мен президентке эмнеге нааразы экенимди тактап коеюн. Зарылдыгы жок экенин жакшы билем. Бирок, ушунча жаман көрүнгөнгө жараша биротоло болсун. Анын үстүнө “сүйүктүү” президентиңер кете электе жазайын. “Жоо кеткенден” кийин туура эмес болуп калат. Болбосо, менин жазгандарымды “Ата Мекендин” лидерине байлап, укпай калчудай күбүрөп-шыбырагандар тажатып койду.
 

Журналистиканын ой-чуңкуру кенен. 2006-жылы ошол кезде мен иштеген “Кыргыз Руху” гезити Президенттин колтугундагы коррупцияны көп жазды. Себеби, Чүйдүн Заречное айылындагы 3 миң түтүн элдин бала бакчасын президенттик администрация 1996-жылы тартып алып, балансына өткөрүп, ошол бойдон Алмазбек Шаршеновичтин тушунда деле урунуп келе жатат. Ал кезде президенттик администрациянын “төбө чачы тик турганы”, биз бала бакчанын имараты “көңүл ачуучу” жай катары колдонулаарын ачыктаганбыз. Бул имарат тууралуу Кубатбек Байболов, Авазбек Момункулов сыяктуу ошол айылдыктар жакшы билишет. Эми деле айылдыктардын бала бакчасынын имаратын президенттик администрация менчиктеп келе жатат. Муну мен маалымат катары, түшүнүнүктүү болсун деп жаздым.


“Кыргыз Руху” бул маселеге кайра-кайра кайрылып, ошол кездеги президенттин иш башкармалыгын башчысы Курманбек Темирбаев баш болгондор балдардын ырыскысын тартып алдык деп арданбай, макаладагы “чычканга кебек алдырбаган”, “күлү бир жерге додо болбогон”, “дардаңдаган” деген сыяктуу сөздөрдү терип алып, “Кыргыз Руху” гезити менен мени сотко берген. Муну ошол кезде президенттин иш башкармалыгында иштеп кеткен Балбак Түлөбаев байке жакшы билет. Миллион болсо керек эле алардын дагы “ар-намысы”.

 

Кыскасы, азыркыдай эле жол менен (кызымдын алиментин президенттин иш башкармалыгына которуп берейин дегем, сурабай калышты) доого жыккан. Айта кетүүчү жагдай, бул ишти Шамарал Майчиев менен Илим Карыпбеков (саламаттыгын тилейм, мага жакшы жардамы тийген) тыкыйта алып барып, кесиптик чеберчилигин көрсөтүшүп, алда канча аз сумма менен сот аяктаса керек эле. Чындап келгенде, “Курманбек Бакиевдин администрациясы мени кууратты” деп башпаанек алып кеткенге шылтоо болчу. Ошол ой мээге келген менен аракет кылган эмесмин. Журналисттер акыйкат таба албасын, ким бийликке келсе, ошол дооран сүрө берээрин, эл бир ууч топ үчүн кумурскадай баркы жок экенин ошондо түшүнгөм. Заречное айылынын маселеси ошол бойдон келе жатат. Бул президенттин колтугундагы коррупциянын бир гана үзүмү. 


Мындан улам, Россиянын Санкт-Петербург шаарына мигранттарга кошулуп кетип калдым. 2012-жылы кесиптештериме чалсам “Алмазбек Атамбаевден элдин үмүтү чоң, жүрө бербей келбейсизби” дешти. Кыргызстанга келсем, чын эле элдин үмүтү чоң экен. Мен дагы сүйүнүп, калып калдым. Бирок, “ат баспайм деген жерин миң басат” дегендей, кайра келбейм деп кеткен журналистикага келдим. Кыскасы ошол, мен Алмазбек Атамбаевге ишенгем, мен эмес эл дагы ишенген. Калганын өзүңөр жакшы билесиңер. Башкасы башка, ишеним уурдалган жаман экен. Мен Алмазбек Атамбаевден журт атасын, Кыргызстанды кыйын кырдаалдан алып чыккан кеменгер, тарыхта калчу адам катары көргүм келген. Эмичи? Ток этээри ишеним кетти. Силерди билбейм. 


Ал эми менин жарандык пикиримди “Ата Мекендин” лидерине, партияга байлай албай эси кетип жаткан айрымдар, туура түшүнгүлө Өмүрбек Текебаев менин колдоомо муктаж эмес. Мамлекеттин жараны катары айтыла турган сын-пикир менен саясатчыга катары симпатияны аралаштырбаш керек. Мага элдин социалдык абалы, экономикасы, укугу деген сыяктуу маселелердин өзүнчө мааниси бар. Өмүрбек Текебаевге деген мамиленин же сыйдын дейбизби өз орду бар. Алмазбек Шаршеновичти адам катары, жаран катары, ата катары, тууган катары, улутташ ж. б. катары сыйлоом турганы менен президент катары ишене албайм. Болгону ушул. Ким жакшы көрөт, жактайт алар менен ишим жок. Мен буга чейинки сындап келе жаткан, күлкүгө алып келе жаткан жагдайлардын гана башын ачыктадым”.