22-мартта былтыр жазында “бийликти басып алууга аракет” жасаганы айтылып, камакка алынган Улуттук оппозициялык кыймылдын лидерлери Бектур Асанов, Кубаныч Кадыров, эксперт Эрнест Карыбеков, коомдук ишмер Дастан Сарыгуловго карата козголгон кылмыш иши боюнча соттун чечими чыгат. Сот процесси кандай жүрдү? Бул жатта соттолуучулар Бектур Асанов менен Кубаныч Кадыров өз байкоолорун жазып, редакцияга жолдошуптур. Эч өзгөртүүсүз окурманга сунуштайбыз...

 

16.01.2016-06.02.2016 ж.ж. Биринчи май районунун соттору А.Боромбаев, М. Термечиковтор Кыргыз Республикасынын “изин суутпай издөө ишмердүүлүк” жөнүндө мыйзамынын 8-беренесинин 1 п., КР Жазык-прцесстик кодексинин 19-статьясынын, 165 –ст., 188-ст., КР Конституциясынын 29-ст., талаптарын одоно түрдө бузуу менен УКМКнын тергөө бөлүмүнүн башчысы М.Эсенбаевтын токтомунун негизинде мыйзамсыз санкция беришкен. Анткени Кыргыз Республикасынын “изин суутпай издөө ишмердүүлүк” жөнүндө мыйзамынын 1-б., 1 п. ылайык иш чараларын жүргүзүү үчүн негиз катары сөзсүз түрдө тергөө органдары тарабынан козголгон кылмыш иши болуусу зарыл, башкача айтканда, жогоруда мыйзамдын талаптары одоно бузулган. КР ЖПК-нин 165-ст., ылайык тергөө тарабынан кылмыш иши козголгонго чейин окуя болгон жерди кароо жана экспертиза дайындоо боюнча иш чаралар жүрүгүзүлөт, тактап айтканда, кылмыш иши козголгондон кийин гана соттун токтомунун негизинде гана шектүү жарандардын сүйлөшүүлөрү боюнча тыңшоого мыйзам жол берет, бул жерде КР ЖПК-нин 188-ст., одоно бузулган жана КР Конституциясынын 29-беренесине ылайык тергөө тарабынан сүйлөшүүлөрдү тыңшоо үчүн сөзсүз түрдө соттун токтому кылмыш иши  козголгондон кийин гана берилиши керек, бул жагдайларда көрсөткөндөй адам укуктары КР Конституциясынын 29-б. бузулган.

 

12.03.2016-жылы тергөөчү М.Эсенбаев №082-16-0054 сандуу кылмыш ишин КР КЖК-нин  27-ст., жана 295-б. Б.Асанов, К.Кадыровторго карата карама-каршылыктардан турган негизсиз, мыйзамсыз, мыйзам бузуулар менен кылмыш ишин козгоп, ал бир тараптуу Атамбаевтин саясий буйругун аткаруу менен жүргүзгөн.  Биз жана бир нече күбөлөр (18 күбө) сот процессинде мыйзам бузулганын далилдеп бердик.

 

Максат Эсенбаев бизге карата КР КЖКнин 27-ст., 295-ст. менен кылмыш ишин козгоого негиз катары КР ЖПК-нин 81-ст., 2 б. 4,1 п.п. боюнча өзгөртүүлөрдүн киришин тастыктоодо, “аталган кодекстин мыйзамында белгиленген тартипте алынган оперативдүү издөө ишмердүүлүгүнүн натыйжалары” деп так жазылып турат, демек мыйзамдарга ылайык негиз катары шектүү жарандарга карата козголгон кылмыш иши козголгондон кийин гана жүргүзүлөт жана сөзсүз түрдө соттун токтомдорунун негизинде гана иш чаралары жүргүзүлүшү керек. Бизге Асанов, Кадыровторго карата коюлган айыбы боюнча КР КЖК-нин 27-ст., 295-ст., менен тергөөнүн юридикалык баа берилгени иш материалдарында кылмыштын курамы  катары 27-ст. боюнча кылмышка даярдануу, бийликти басып алуу үчүн каражаттарды же куралдарды издөө боюнча иш материалдарында конкреттүү бир да далил жок, ал эми 295-ст. боюнча бийликти күчкө салып тартып алуу же бийликти күч менен кармап туруу, КР Конституциясына өзгөртүү менен күчкө салып тартып алганда же бийликти күч менен кармап турганда, КР Конституциясын күчкө салып өзгөртүүгө багытталганда кылмыш иши козголот. Биз Асанов, Кадыров баардык эл журт менен жолугушууларыбызда Кыргызстанда болуп жаткан терс көрүнүштөрдү жана президент Атамбаевдын туура эмес саясат жүргүзүп жатканын, саясатчы өз мекенбизге күйгөн патриот саясатчы катары Конституциялык укуктарыбыздан пайдаланып мыйзам чегинде нааразычылык акцияларын уюштуруп, элдин көйгөйүн бийлике жеткирүү болгон. Бизге КР Конст. 21, 24, 25, 26, 29, 31, 33, 34, 35, 41, 47- беренелерин одоно бузуу менен мыйзамсыз кылмыш иштерин УКМК тергөө тарабынан козголгон. Биздин үстүбүздөн арыз жазган Досалиев Нурлан УКМК кызматкерлери аны коркутуу менен арыз жаздырып, анысы аз келгенсип, мыйзам бузуу менен биздин сүйлөшүүлөрүбөздү жаздырышкан. Досалиевти “сен арыз жазып же болбосо, сүйлөшкөндөрдү жаздырбасаң, сага кылмыш ишин козгойбуз” дешкен. УКМК тергөө тарабынан бизге карата, КР КЖКнин 27-ст. жана 295-ст. боюнча кылмыштын курамы жок, эч кандай курал жарактарды топтоо, чогултуу, элдерди үгүттөө, финанасылык каржылоо, КР КЖК-нин 82-ст., 2-б. 4 п., ылайык далил буюм зат катары иш материалдарында бир да далил буюм зат катары, сүрөт же акчалар, аудио-видео тасмалар, дисктер бийликти басып алууга даярданганыбыз жана курал жарактардын түрлөрү боюнча сүрөттөр тиркелген эмес.

 

Сот процессинде биздин сүйлөшкөндөрүбүздүн баары мыйзамсыз, мыйзамды бузуу менен жана монтаж, фальсфикация экендигин далилдеп бердик (башка бирөөлөр сүйлөшкөнүн биздин үн деп жазып коюшкан).

 

Андан кийин, 18 күбөгө келе турган болсок, соттук териштирүүдө бизге коюлган айып КР ЖПКнин 253-ст. ылайык иш материалдарындагы, күбөлөрдүн көрсөтмөсүнө ылайык толугу менен өз ордун тапкан жок. Бүгүнкү күндө соттук териштирүүдөн кийин тергөө тараптан коюлган айып мыйзамсыз кылмыш иши козголуп, негизсиз айыптар угузулган, анткени кылмыш ишинде УКМК тергөө бөлүмүнө арыз жазган Досалиев соттук отурумдагы көрсөтмөсүндө биз Асанов, Кадыров, бийликти басып алууга аракеттер, акча каражаттар таратпаганыбызды, тапшырма албаганын, тергөө учурунда төрт жолу УКМКга чакырылганын, бийликти басып алууга курал-жарак берилбегенин жана бийликти басып алууга аракет кылган пландарды көрбөгөнүн айтып көрсөтмө берди. Калган иш материалдарындагы негизги күбөлөрдүн баардыгы биздин кызыкчылыгыбызды жана эч кандай мыйзамсыз иш кылбаганыбызды тактап көрсөтмө беришти, башкача айтканда, биздин кыймыл аракеттерибизде кылмыштын жоктугун далилдеп беришти. КР Конституциясынын 31, 33-беренелеринин негизинде өзүбүздүн укуктарыбызды пайдаланып, “Майдан” гезитин чыгарганбыз. Ошол берген маектерибизде Атамбаев баштаган бийликтин мыйзамсыз иштерин жана Бакиев убагында оппозицияда болгон учурунда эл-журт менен жолуккандагы берген убадаларынын бирөөсүн дагы аткарбагандыгын далилдеп тактап айтып бергенбиз. Мисалга: “Кумтөр”, электроэнергия, КТРК, коррупция, Каркыра, сот, УКМК, прокуратура, ИИМ, чек ара, криминал туралуу. Эгер биздин берген биздин маегибизде мыйзамсыз, мыйзам бузуу же бийликти басып алууга чакырыктарыбыз болгондо УКМК “экспертиза дайындайт” болчу. Атамбаев көрсө оппозицияда жүргөндө эл журттун жана саясатчылардын башын айлантып, баарыбызды алдап, эптеп президент болоюн деген экен. Бүгүнкү мамлекеттин кейпин көрүп турасыңар. Ошондуктан Акаев, Бакиевге окшотпой, Атамбаевти качырбай мыйзам чегинде качырбай туруп, жоопко тартышыбыз керек, урматтуу эл журтум. Соттук териштирүүдө биз Асанов, Кадыров, Сарыгулов, Карыбековтор менен биргеликте бийликти басып алуу боюнча алдын ала пландарыбыз жок болгонун жана Сарыгулов менен 2014-жылы акыркы жолу жолукканыбызды далилдеп бердик. Мындан тышкары, Карыбеков менен бир эки жолу 2015-жылы жолукканыбызды далилдедик. Жогорудагылар менен сүйлөшкөнүбүз же жолукканыбыз боюнча бир дагы факт жок. Күбөлөр Анаркулов Н., Жээнкулов А., Жээнбеков Р., Мадаминов Т., Асаналиев Э., Досалиев Н., Бекмуратова И., Ниязов Т., Курманбаев У., Шакиров А.. Усенов М.

 

Биздин үстүбүздөн мыйзамсыз, мыйзам бузуу менен КР КЖКнин 27-ст., 295-ст., козгогон кылмыш иши жана коюлган айып өз ордун тапкан жок. Бул болгону президенттин бизден өч алуусу жана саясий куугунтук деп тааныйбыз.

 

КТРК, ЭлТР жана башка бийликчил сайттар аркылуу бизди жана Сарыгулов, Карыбековторду Атамбаевтык бийлик тараптан мыйзамды тебелеп, негизсиз, монтаждалган, фальсфикациялык жол алынган аудиожазууларды көрсөтүшкөн, себеби жогору жакта көрсөтүлгөндөй Сарыгулов, Карыбековтор менен эч кандай байланыш болгон эмес. Биз соттук териштирүүдө кылмыш ишин тергеген тергөөчү М.Эсенбаевты сотко чакыртсак, сот А.Боромбаев биздин өтүнүчтү четке кагып чакырбай койду жана КР ЖПКнин талаптарын мунусу менен одоно бузду. Мындан тышкары соттук терштирүүдө баарыбыз 88-100 барактан турган ондогон өтүнүчтөрдү мыйзамсыз четке какты. Сот А.Боромбаев сот процессин мыйзамды бузуу менен жашыруун жана жабык өткөзүп жатат. Себеби, биздин сот процессинде Омбудсмен Оторбаев келип: “кайсы мыйзамдын негизинде жашыруун, жабык өтүп жатат?”- десе, Боромбаев жана прокурорлор эчтеке айта албай коюшту. Мындан тышкары Жогорку соттун өкүлү кайсы кылмыш иштери жашыруун жабык өтөөрүн “Азаттыкка” берген маегинде айтты. Ага ылайык, бизге карата козголгон жасалма саясий кылмыш иши боюнча сот процессин жашыруун, жабык өткөзүүгө эч негиз жок экен.

 

Бектур Асанов,

Кубаныч Кадыров

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, №09 (287), 15-март 2017-жыл.