Үч саатка созулган сурактан кийин депутатка КРнын Кылмыш кодексинин 304-беренеси - кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча айып тагылды

 

Экс-генпрокурор Аида Салянова Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинде кезектеги жолу сурак берди. Ал Бакиевдин жакындарынын бири болгон Алексей Елисеевге жактоочулук лицензияны мыйзамсыз жаңылап берүүгө шектелип жатат.

 

Үч саатка созулган тергөөдөн кийин депутатка КРнын Кылмыш кодексинин 304-беренеси - кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча айып тагылды.

 

"Аида Саляновага карата эч жакка кетпөө тууралуу кат жаздырып алуу менен баш коргоо чарасы аныкталды",-деп билдирди "ВБ"га УКМКнын басма сөз кызматынын жетекчиси Рахат Сулайманов.

 

Эскерте кетсек, Бакиев бийликтен кеткенден кийин Елисеевдин жактоочулук лицензиясы ошол кездеги Юстиция министри Салянованын 2010-жылдын 28-июндагы № 58 буйругу менен жаңыртылган. Елисеев 2010-жылдын апрель айында Кыргызстандан качып кеткен жана кайтып келген эмес.

 

Булак: "Кабар Ордо"