Учурда 200-300дөй адам “Ала-Тоо” аянтындагы митингди аяктап, Аскер сотунун имаратына карай жөө жүрүшкө чыгышты. Алгач алар Ак үй тараптан өтүп, саясий ураандарды кыйкырышты.

 

Бүгүн митингде ЖК депутаттары Садык Шер-Нияз, Аида Салянова, Алмамбет Шыкмаматов, укук коргоочулар Рита Карасартова, Турсунбек Акун чыгып сүйлөп, Текебаев менен Чотонов саясий куугунтуктун негизинде камалганын сөз кылышты.

 

Митингге Ош, Жалал-Абад жана Нарындан да адамдар келген. Алардын бири, Ош ШИИБсинин мурдагы начальниги Абдылда Капаров чындык үчүн келишкенин билдирди.

 

Белгилей кетсек, учурда Бишкек шаардык сотунун көчмө коллегиясы “Ата Мекен” партиясынын юристеринин Биринчи май райондук сотунун чечимине карата аппеляциялык арызын карап жатат. Акыркы маалыматка караганда, абактагы “ата-мекенчилерди” Аскер сотунун имаратына алып келишкен.

 

Базар-Коргон районунда жол боюнда 500дөй адам митингге чыккан. Алардын райондук администрация тарапка жөө жүрүш жасоо аракети милиция тарабынан токтотулган. Соңку саатта алар Бишкек-Ош жолун тосууга аракет жасап, бирок буга милиция жол бербеди.