БШК билдиргендей, азырынча Текебаевдин күнөөлүү экендиги тууралуу  сот өкүмү жок болгондуктан, ал талапкер катары каттала берет. Эгер ал соттоло турган болсо, президенттик жарыштан четтетилет.

 

Маалыматка ылайык, президентке талапкерлерди каттоо август айында башталат.

 

Эске сала кетсек,  «Ата Мекен» фракциясынын төрагасы Өмүрбек Текебаевге Башкы прокуратура орусиялык ишкер Леонид Маевскийдин жазган арызынын негизинде «коррупция» жана «алдамчылык» беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.

 

27-февралда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту депутат Өмүрбек Текебаевди 2 айга камоо тууралуу чечим кабыл алган.

 

Булак: "Марал"