- Текебаев камакка алынганда эле “демократияга жаназа окулду” деген пикирлер социалдык түйүндөрдө орун ала баштады. Чындап эле Текебаев камакка алынса, мындан ары демократияга чекит коюлуп, авторитардык бийлик орноп кетеби?

 

- Чынын айтыш керек Текебаев менен демократиянын символикалык байланышы бар. Аны эч ким тана албайт. Бирок, мыйзамсыз камакка алуу буга чейин эле орун ала баштаган. Башкача айтканда, 2010-жылдан кийин көпчүлүк саясатчыларды камоодо мыйзам бузуп, туура эмес камашкан.  Азыр Текебаевди да так ошондой  мыйзам бузуу менен камашты. Бирок, Текебаевдин бир дагы өзгөчөлүгү бар. Ал кыргыздын чоң, көрүнүктүү саясатчысы.  Ага карата ушундай мамиленин  жасалып жатканы бийлик чектен чыгып, каалаганыбызды кыла алабыз. Каалаган убакта каалаганыбызды камап, саясый аренадан жок кылабыз деген сигналды берип, демократияны муунтууга басым жасап жатат.

 

- Коомчулукта Аида Салянова баш прокурор кезинде депутаттардын кол тийбестигине карабай камоого  жол берген эле. Бүгүн баш кесерлердин куралы өздөрүнүн башын алганы жатат деген пикирлер  да бар экен. Буга кандай комментарий бересиз?

 

- Туура. Кандайдыр бир деңгээлде ошентип айтсак да болот. Түлеевди, Келдибековду  камаганда Салянова  бир топ  укуктук каталардын кетишине жол берген. Эми тилекке каршы, ошол нерселер өз башына келип жатат. Адам деген дайым эле алысты көрө албай, узакка стратегиялык позициясын кармана албайт. Бирок, ошондой болсо да  бандиттик, авторитардык бийликтин жардамы менен бутуна туруп, ошол системаны кулатам деп бийликке каршы чыкканын чекеден  жок кылууга аракет кылып жатат

 

- Бүгүн чабуул жалаң “Ата Мекенчилерге” болуп жатабы же кезек “Ата Мекенге” келдиби?

 

- Чабуулду мурда эле башташкан. Беш жыл мурун мени не гана кылышкан жок. КТР аркылуу каралашып, камоого аракет кылышты. Келдибеков, Ташиев, Жапаровдорду камап, саясаттан кетирүүгө аракет кылышты. Мадумаровду, Чолпон Жакупованы КТРден жамандашты.  Эми кезек “ата-мекенчилерге” келди. Тилекке каршы, бизди жамандап, сокку уруп  жатканда “Ата Мекенчилер” карап турушкан. Мен депутат катары бардык камакка алынгандар тууралуу көз карашымды айтып келгем. Азыр да “ата-мекенчилерди” туура эмес камакка алынганын айтып, мыйзамсыздыкка каршы күрөшүп  жатам. Анткени, саясат жеке нерсе эмес. Саясат бул коом. Бул идеялогиялык маанилүү нерсе. Биз мурдагыларга жол берсек да, токтото албасак да, азыркыларга бийликтин мыйзамсыз иштерине, зөөкүрлүгүнө жол бердирбөөгө аракет кылышыбыз керек.

 

- Текебаев менен Атамбаевдин жеке тиреши ушул жагдайга кептелдиби?

 

- Биз Текебаев менен Атамбаевди саясый фигура катары салыштырсак болот. Экөө тең Кыргызстанда көрүнүктүү аксакал саясатчылар. Бирок, экөөнүн бүгүнкү күндө салыштырып болбойт. Атамбаевдин колунда болуп көрбөгөндөй ресурстар бар. Ал укук коргоо органдары  жана болуп көрбөгөндөй эбегейсиз байлыгы мамлекеттик жана жеке менчик кошоматчы массалык маалымат каражаттары. Текебаевдин колунда андай эч нерсе жок. Ошондуктан, экөөнүн бүгүнкү күндөгү тирешинде Текебаевди оппозициячыл көз караштагы саясатчы катарында карашыбыз керек. Ал эми Атамбаевди болсо, мамлекетти башкарып турган, колунда күчтүү мамлекеттик бийлиги бар президент катарында карашыбыз керек. Ошон үчүн биз Атамбаевге караганда бүгүнкү күндө демократияга көп кызмат кыла турган, салым кошо турган Текебаевди коргоого милдеттүүбүз.

 

- “Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн баарын жоопко тартышыбыз керек. Текебаев революцияга шек келтирди” деген пикирин мурунку депутат Мээрбек Мискенбаев айтты...

 

- Бийликтин тегерегинде дайыма бийликтин желегин көтөргөн адамдар болуп келген. 2005-2010до дагы мындай нерселерди баштан өткөрүп көнүп калганбыз. Мээрбек менин иним болот. Ал саясатты көп түшүнө элек. Жолуккан жерден саясатта “торпеда” болбошу керек деп көп айтам. Бирок, андан жыйынтык чыгарбай кадыр-баркын торпедалыкка алмаштыра баштаганы өкүнүчтүү.

 

- Текебаевди 48 сааттан кийин баш коргоо чарасын өзгөртүп, коё бериши мүмкүнбү?

 

- Менин көз карашымча ушунчалык мыйзамды бузуп, бандитти камагандай кармаганы бийлик эч нерсени карабастан, бардык нерсеге көз жумуп, авторитетинин кеткенине, мамлекеттеги стабилдүүлүктү бузганына да карабастан камаганына караганда жөн коё бербейт го. Анткени, президенттик шайлоо, алдыда жаз мезгили келатат. Текебаев дестабилизация кыла турган саясатчылардын бири. Биз Текебаев менен активдүү иштей баштаганбыз. Көптөгөн тегерек үстөлдөрдү, форумдарды өткөрүп, саясый уюмдарды түзө баштаганбыз. Жакында Европага Чолпон Жакупова, Замира Сыдыкова, Бегалы Наргозуев болуп, европанын саясатчылары, демократиялык уюмдары менен жолугуп, Кыргызстандагы  абалды талкуулоо боюнча 2-мартта кетип жатканбыз. Мына ушулардын баары биздин бийликке жаккан жок. Сыртта тургандан көрө камап койгонубуз туура болот деп, Текебаевди камап салышты.

 

- Атамбаев Европага барганда “демократиянын архитектору” деген комплимент айтылган. Атамбаев ал жакка барып демократ, Кыргызстанга келип авторитар болуп алдыбы?

 

- Европалык мамлекеттер дипломаттык мамиле түзгөн саясатчылар. Бирок, Европада системалуу мамлекеттер менен мамиле жасашат. Алар кандайдыр бир маданий же дипломатиялык жол менен айтып коюшу мүмкүн. Бирок, алардын иш жүзүндөгү реалдуу мамилеси кандай ал башка маселе. Анткени,  Европада Атамбаевди Путин койгон күн карама саясатчы катары карашат.

 

- Текебаевге каршы көрсөтмө берген Маевскийди “каралаганга уста адам” катары карашып, аферист деп жатышат. Ушундай адамды Кыргызстандын чоң саясатына аралаштырып, анын көрсөтмөсү менен Текебаевди камоонун зарылчылыгы бар беле?

 

- Биздин тарыхыбызда аябагандай көп фактылар бар. Кыргыздын мыкты улутчул жигиттери, бычакка сап болоор лидерлерин адатта Россиянын империялык жетекчилиги алдап же сатып алып, эгерде алдап сатып алганга көнбөсө, жок кылып кетишкен. Ошол саясат тилекке каршы, кандайдыр бир кыйыр түрүндө уланып жатат. Текебаев Россияда репутациясы аябагандай күмөн саналган адамдын көрсөтмөсү боюнча камакка алынышы ошол саясаттын уландысы десек болот. Бул нерсе тарыхтан кандайдыр бир деңгээлде жыйынтык чыгарбаган улут экенибизди көрсөтүп жатат.

 

- Парламентте чакырылсын деген кезексиз сессия кандайдыр бир чечимдердин өзгөрүшүнө салым кошо алабы?

 

- Мен кезексиз сессия чакырылат деп айта албайм. Кезексиз сессия чакырууга аракеттер көрүлгөнү менен аны чакыруу оор. Кезексиз сессияны чакырууга бийлик уруксат бериши керек. Бийликке жакпаган 5-15 депутат  кол көтөрсө да кезексиз сессия чакыра албайт. Кезексиз сессия чакыруу боюнча кээ бир депутаттардын оюу алкышка таатырлык. Бирок, мен кезексиз сессия чакырып жиберерине ишене албайм.

 

Булак: “Майдан.kg” гезити