Экспер Расул Үмбөталиевдин айтымында, 2009-жылы “Кумтөр” кени боюнча “Кумтөр голд компани”, “Центерра Голд Инк.” жана өкмөттүн ортосунда келишим түзүлүп, ага ылайык, кен өндүрүүчү компанияны салыктан бошотуу каралган. Ошол эле жылы Юстиция министрлигинин статс-катчысы Аида Салянова “Кумтөрдү” 32 миллион доллар салыктан бошотуу бүтүмүн чыгарып берген.

 

Бул келишимди түзүү демилгеси Мамлекеттик салык кызматы менен Каржы министрлигине таандык болгону менен, чечүүчү сөздү Юстиция министрлигинин статс-катчысы айткан. Анын юридикалык бүтүмүнө ылайык чечим кабыл алынып, “Кумтөр” ири суммадагы салыктан бошотулганын Расул Үмбөталиев эске салды.

 

“Конституциянын жаңы редакциясына ылайык, “Кумтөр” кени боюнча кызматтык кылмыштарга баргандардын былыгы ачылса, ал качан, кайсы убакта жасалганына карабастан, дароо жопкерчиликке тартылат. Учурда тынымсыз айтылып жаткан “Белизгейттин” соттук келечеги жок, себеби кылмыштын курамы далилденбеди. Елисеевдин адвокаттык лицензиясы боюнча иш да аягына чыкпайт, анткени андан кандай зыян келтирилгенин так даана таразалап чыга алышпайт. Ошондуктан, “Кумтөрдү” ири суммадагы салыктан бошотуу боюнча кылмыш ишин козгошору ыктымал. Айрым жеке булактарга караганда, тергөө органдары Мамлекеттик салык кызматынан, Юстиция министрлигинен жана Каржы министрлигинен керектүү документтерди таап чыгышкан. Мунун натыйжасы – Аида Саляновага карата кезектеги кылмыш ишинин ачылышы болушу мүмкүн”,- дейт Р.Үмбөталиев.