Кыргызстанда улам бийлик алмашкан менен Ак үйдө өз ордун сактап кала берген Аалы Карашев деген чиновник бар. Өзү да бирде өкмөттүн, бирде президенттин аппаратын, Мамлекеттик кадр кызматын башкарып, бир креслодон экинчисине которулуп турат. Анын кайсы бийликке болбосун жаккандыгынын себебин ушунчалык эле иштерман, менеджерлик менен байланыштыралы десек, ошол Акаев, Бакиев заманынан азыркы “хандык” доорго чейин бир көзгө көрүнөрлүк иш жасабаптыр. Жада калса, Оштун мэри А.Кадырбаевге окшоп курулбай жатып бузула баштаган көпүрө да салбаптыр (баса, Аалы мырза бир кезде Ош облусунун губернатору да болгон). Кыскасы, аппаратчик. Көрсө, анын кызматтык карьерасынын себеби – абройлуу атасы Азим Карашевдин (Союз учурунда орто деңгээлдеги партиялык жетекчи болгон) кадыр-баркы менен Ак үйдө аймактык балансты сактап туруу экен. Сыягы, Аалынын бийликти, бийликтин Аалыга болгон “сүйүүсүнүн” себеби ушул окшойт. Эми ушул жигит КСДПнын парламенттеги депутаты мандатын алды. Бул ирет да бийлик жалаң бизнесмендер менен жарым криминалдардан туруп,  күндөн-күнгө кадыры кетип жаткан партиясынын абийирин жаап, документ иштерин билген сабаттуу депутат менен катарын толуктоону чечкен окшойт.

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, №03 (281), 1-февраль, 2017-жыл