- Президент Алмазбек Атамбаев паракорлук боюнча атайын кызматка кабар берип, анын бетин ачууга көмөктөшкөн адамды сыйлоо жөнүндөгү мыйзам долбоорун ”Коррупция фактылары тууралуу билдирген кызматкерди акчалай сыйлоо тууралуу норма жаңы коррупциялык каналдарды пайда кылышы мүмкүн. Акчаны төлөп берүүчү тарап такталган эмес",- деген сыяктуу жагдайларды эске алуу менен артка кайтарып, кол койбой койду. Бул мыйзам качандыр бир убакта президент тарабынан колдоо табышы мүмкүнбү?

 

Камила Талиева, экс-вице-премьер-министр:

 

“Коррупцияны мыйзам менен ооздуктоо жакшы көрсөткүчтөрдү бере албайт”

 

- Менин билишимче, бул мыйзам долбоору жалпы жарандарга тиешелүү эмес, жалаң мамлекеттик кызматта гана иштеген адамдарга “мамлекеттин камкордугу, коргоосу керек”- деген таризде жазылган. Менимче, президент бул мыйзамды артка кайтарып туура кылды. Себеби, жемкордук менен күрөшө турган мамлекеттик органдар бар. Алардын милдети, функциясын кайталоо менен, жаңы коррупциялык канал түзүлүшү толук ыктамал. Экинчиден, мамкызматта иштеген адамдардын нравасына да доо кетет. Бирин-бири аңдымай, кылдан кыйкым издөө сасык саясат күч алат. Бири-бирине ишенбөөчүлүк, өз кызыкчылыгы үчүн, өз көмөчүнө күл тартуу иштери жетекчи менен кызматкерлердин ортосунда күч алат. Куру сөз болбош үчүн мисал келтирейин. Эки жыл мурда эле күч органдарына түшүп калган менин бир коллегама ушундай сунуштар болгон. “Талиевага каршы көрсөтмө берсең, жардам беребиз”,- деген. Атайын кызматка маалымат берип, материалдык сыйлык алам деген кызматкерлер бригадасы бир заматта түзүлүп калбайт деп эч ким кепилдик да бере албайт. Бул өтө опурталдуу мыйзам долбоор. Статистика боюнча, жемкордук боюнча жыл сайын жүздөгөн мамлекеттик кызматтагы адамдарга кылмыш иши козголуп, бирок, алардын 4-5 пайызы гана эркинен ажыратылат. Коррупцияны бул мыйзам менен ооздуктоо эч кандай жакшы көрсөткүч да бере албайт. Коррупция менен күрөшүүдө башка жол түп-тамырынан бери реформа жасоо аркылуу болуш керек.

 

Табылды Акеров, саясат таануучу, тарых илимдеринин кандидаты:

 

“Кептин баары мыйзамда эмес, анын авторунда болду көрүнөт”

 

- Мыйзам негизинен туура жазылган. Бирок, кептин баары анын авторунда болду көрүнөт. Мыйзамдын автору А.Салянова болгондуктан, президенттин аппараты Атамбаевге “кол койбой эле коюңуз”- деп, ошого ылайыкташтырып негиздеме жазып беришкен. Ошого таянып, Атамбаев мыйзамды кайра ЖКга жөнөттү. Эми бул мыйзам президенттин негиздемелерине көңүл бурулуп, кайра каралып, анан ага жөнөтүлөт. Кийиинки жолу кабыл алышыны мүмкүн. Бирок, ушул жагдайдын өзү президенттин аппараты жана анын тегереги Атамбаевди саясатчылар менен карама-каршылыкта болуусун шарттап жатканын көрсөтүп турат. Атамбаевге эч кимди жолотпой, аны саясатчылардан, коомдон алыс кылып кармап жатышканы анык байкалууда.

 

Акин Токталиев, адвокат:

 

“Ыймандуулар бийликке келгенче паракорлор азайбайт”

 

- Мүмкүн  эмес. Анткени, параны карапайым адамдар эмес, президенттин тегерегиндегилер  алып жатат. Башкача айтканда  пара алды деген шек менен кармалгандар  1,5-2 жылда кутулуп, бирок, тоок урдагандар 5-6 жылга соттолот. Бизде адилеттүүлүк жок. Бир барак кагаз таап алып 5-10 жылга “экстремист” деп соттогон адатка айлана баштады.  Кыскасы,  коррупция менен коррупционерлер бири бири менен күрөшүп жатат. Башача айтканда, биринин байлыгын бири тартып алып. Ошондуктан жаңы бийликке ыймандуулар келсе, ошондо гана паракорлор кескин түрдө азайат.

 

Өмүрбек Абдырахманов, экс-депутат:

 

“Бул мыйзамдар коррупция маселесин чечпейт”

 

- Бул мыйзамдар коррупция маселесин чечпейт... Авторитардык система менен коррупция ажырагыс эгиз болот. Качан гана демократиялык башкаруу системасын курсак, коррупция ошондо гана азая баштайт. Ан үчүн Грузиядагыдай президент баштаган радикалдуу реформалар керек.... Бирок, Атамбаев  6 жылда бир да реформа жасай алган жок...

 

Чынайым Кутманалиева

Булак: Майдан.kg” гезити, №01 (279), 18.01.2017-ж.