26-декабрда кечинде Башкы прокуратура экс-башпрокурор, учурдагы ЖК “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Аида Саляновага кылмыш ишин козгогондугун “сүйнчүлөдү”. Аида айымга алты жыл мурда юстиция министри болуп турганда М.Бакиевдин досу А.Елисеевдин лицензиясын мыйзамсыз узартып бергендиги үчүн КЖКнын 304-беренесине ылайык айып тагылган. Бул берене менен Жогорку Кеңештин депутатына кылмыш иши козголсо, парламенттин макулдугун алуунун зарылчылыгы болбойт. Бирок Салянова өзү кылмыш иштин козголушун саясий куугунтук катары баалап, “Бул жерде эч кандай кылмыш иштин курамы жок. Елисеевдин лицензиясын жандандырды деген нерсенин Кылмыш-жаза кодексине эч кандай тиешеси жок. Бул кылмыш иштин козголушу бийликтин азыркы жүзүн, кубатсыздыгын көрсөтүп турат. Бул фактыны кийин саясий кылмыш иштердин козголушу деп мисал катары университеттерде сабак өтсө да болот”,- деди. Президент ушул айдын башында маалымат жыйында Салянованын жолдошун паракор деп атап, андан көңүлү калганын билдирген болчу. “Келме кезек...”,- демекчи, А.Салянова өзү башпрокурор болуп турганда бийликтин камчысын ашкере чаап, кыргыздын А.Келдибеков, К.Ташиев, К.Самаков, С.Жапаров сыяктуу белдүү, президент боло турган жигиттеринин үстүнөн жок шылтоону таап кылмыш ишин козгоп, далай моралдык, материалдык зыян келтирген болчу. Көрсө...

 

Булак: “Майдан.kg” гезити