Башкы прокуратура Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Аида Саляновага кылмыш ишин козгоду. Ал мындан алты жыл мурда юстиция министри болуп турганда Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин лицензиясын мыйзамсыз узартып берген деп айыпталып жатат.

 

"Өзүмдү коргойм"

 

Башкы прокуратура Алексей Елисеевдин лицензиясынын узартылышы боюнча өткөн айда козголгон кылмыш иштин негизинде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен келген материалдарды карап чыкты.

 

Башкы көзөмөлдөөчү орган анда Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Аида Саляновага байланыштуу документтер өзүнчө бөлүнүп алынганын билдирди. Маалыматта ал 2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясынын мөөнөтүн узартып, кызматынан кыянаттык менен пайдаланган деп айтылган. Мындан улам 26-декабрда Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси менен Саляновага кылмыш ишин козгоду жана ишти Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгына тапшырды.

 

Кыргызстандын мыйзамдары боюнча бул берене менен Жогорку Кеңештин депутатына кылмыш иши козголсо, парламенттин макулдугун алуунун зарылчылыгы болбойт.

Елисеевди коргогон КСДПнын депутаты

 

Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин жаңыртылган адвокаттык лицензиясын Бишкек шаардык кеңештеги Социал-демократтар фракциясынан депутат Артем Иванов жеткирип бергени маалым болду.

 

Аида Салянова кылмыш иши козголгону тууралуу “Азаттыкка” комментарий берди. Ал буга негиз жоктугун, өзүн коргоо боюнча мыйзамдагы бардык чараларды колдонорун, атайын кызмат топтогон материалдар менен азырынча тааныша электигин билдирди:

 

- Бул жерде эч кандай кылмыш иштин курамы жок. Елисеевдин лицензиясын жандандырды деген нерсенин Кылмыш-жаза кодексине эч кандай тиешеси жок. Өзүмдү коргоо боюнча мыйзамда кандай жолдор көрсөтүлсө, ошолорду колдоном. Мени УКМКга суракка чакырышкан. Болгонун болгондой айтып бергем. Демек алар топтолгон материалдарды өздөрүнө ыңгайлуу кылып топтошсо керек. Ал материалдар менен да таанышыш керек. Ал жакта эмне бар экенин, кимден кандай көрсөтмө алышканын билбейм. Мен буга чейин да кимдир бирөөлөрдөн мага каршы көрсөтмөлөрдү кыйнап алып жатышат деп айткам. Ал көрсөтмөлөр менен эми тааныша баштайм. Бул кылмыш иштин козголушу бийликтин азыркы жүзүн, кубатсыздыгын көрсөтүп турат. Бул фактыны кийин саясий кылмыш иштердин козголушу деп мисал катары университеттерде сабак өтсө да болот.

 

Фейсбуктан кайтарылган жооп

 

Алексей Елисеевдин лицензия боюнча алты жыл мурдагы жагдайы саясий күчтөрдүн компроматтар согушунун алкагында калкып чыкты.

 

Лицензиясынын жаңыртылганына байланыштуу айрым жагдайларды Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Абдил Сегизбаев парламентте сөз кылган жана ошол кезде юстиция министри болуп турган Аида Салянованын күнөөсү бар экенин кыйыткан. Материалдар да топтолуп жатканын билдирген.

 

Өткөн аптада Аида Салянова менен ал юстиция министри болуп турганда орун басары болуп иштеген, мурдагы юстиция министри Жылдыз Мамбеталиева экөөнүн сүйлөшкөн аудиосу интернетке жарыяланган. Салянова ал сүйлөшүүдө лицензияны узартуу тууралуу орун басарына эч кандай көрсөтмө бербегени далилденип турат дейт:

 

- Жылдыз Мамбеталиева айрым маалымат каражаттарына Елисеевдин лицензиясын жандандыруу боюнча мага көрсөтмө берген деген мазмундагы билдирүүлөрдү жасаган. "Мыйзам жагынан алганда лицензияны жандандыруу керек, бирок саясий абалды эске алганда сиз бизге багыт бересиз" деп кайрылганын айтып жатат. Бирок ал жаздырылып алынган сүйлөшүү, ал мындай билдирүүлөрдү жасаганга чейин болуп жатат. Ал аудиого ылайык, мен ага эч кандай көрсөтмө бербегеним, ошол буйруктун демилгечиси, даярдап алып келген Мамбеталиева экени көрүнүп турат. Бул сүйлөшүүдөн кийин атайын кызматтын балким кысымы болдубу, айтор мени көрсөтмө берген деп калп айтып жатат. Ал аудиону уккан адам лицензиянын берилиши мыйзамдуу болгонун, Мамбеталиева экөөбүз алдын ала сүйлөшүп алган маселе эместигине ынанат. Мамбеталиева УКМКга барып мага каршы көрсөтмөлөрдү берип жүргөндөн кийин бир аз уялып калышы керек эле да.

 

Интернетте Аида Салянова менен сүйлөшүүсү жарыяланып кеткенден кийин Жылдыз Мамбеталиева Фейсбуктагы баракчасына атайын билдирүү жазган. Анда Салянованы "эки жүздүү, кара өзгөй" деп айыптаган. Мамбеталиева Салянова бул ишти саясатташтырып жатат деп эсептейт:

 

- Мен бүгүнкү күндө кимдир бирөөнү күнөөлүү, же күнөөлүү эмес деп айткан жокмун. Мен Елисеевдин лицензиясын жандандыруу тууралуу Юстиция министрлигинин буйругуна Салянова кол койгон деп айтып жатам. Аны өзү дагы танган жок. Ал сүйлөшүүлөрдү тымызын жаздырып алып, ушундай аракеттери менен жоопкерчилигин кол алдындагы адамдарга оодарып коюу максатын көздөп жатат. Сүйлөшкөндөрдү жаздырып алып, мындай “тыңчылык кылмай” аракеттерин тергөөгө басым катары бааласа болот. Мен мамлекеттик кызматта 20 жылдан ашык иштедим. Менин саясатка аралашайын деген ниетим жок болчу. Салянова болсо ызы-чуу кылып, коомчулуктун көңүлүн буруп, юрист эмес, саясатчы катары иш кылып жатат. Мен четте эле турайын дегем, бирок ошол аудио жарыяланып кеткенден кийин унчукпай коюу туура эмес болмок.

 

Алексей Елисеев анын адвокаттык лицензиясына байланыштуу окуялардын соңку жагдайы боюнча "Азаттыкка" пикирин айтты. Ал Кыргызстандан тергөө органдарынан эч ким кайрыла электигин, кайрылса кызматташууга даяр экенин маалымдады. Ал талаштуу адвокаттык лицензиясын узартууда мыйзам бузуу болгон эмес деп эсептейт:

 

- Бул маселе боюнча мага эч ким кайрылган жок. Мен мурда дагы айткандай, 2010-жылдан бери өзүм тергөө органдары, биринчи кезекте Башкы прокуратура менен байланышууга аракет жасадым. Бирок ушул кезге чейин бирөө дагы мага жооп берген жок. Кыргызстанга келбейм. Мен Латвияда орун-очок алдым. Кыргызстан коопсуз эмес. Эгерде кайсы бир органга менден кандайдыр бир маалымат керек болсо, мен аны жан дилим менен берүүгө даярмын. 2010-жылы менин лицензиямдын жанданышы мыйзамдуу болгон.

Саясий куугунтуктун илеби

 

Ал арада Аида Саляновага козголгон кылмыш иши саясий куугунтук тууралуу талкууга жем таштады. Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков мындай дооматты четке какты:

 

- Алдын ала эле муну саясий куугунтук деп баалоо бул аша чапкандык жана алабармандык. Эгер Аида Саляновага козголгон кылмыш иште саясий боёктор болсо, анда биз деле бул иштин саясий өңүтү бар экен, саясий ишмердүүлүгүнө байланыштуу экен деп коркпой-үркпөй эле айтып чыкмакпыз. Бирок мендеги маалымат боюнча анын юстиция министри болуп турганда орун басары болгон, андан кийин өзү министр болгон Жылдыз Мамбеталиева буйрукка кол койгон, ошол жооп бериши керек деп айтпадыбы. Иштин козголушу ошондон болсо керек деп жатам. Мен саясий куугунтук дегидей куугунтукка негиз болгон нерсени көрбөй жатам. Елисеевди Кыргызстандын баары билет, анан ошол адамдын лицензиясын узартып койгон бул кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу.

 

Аида Салянова башкы прокурор кызматынан 2015-жылдын башында кеткен жана анын себебин президенттин колдоосун сезбей калганы менен түшүндүргөн.

 

Ал былтыр парламенттик шайлоодо “Ата Мекен” партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. Анын алдында күйөөсү Бакыт Абдыкапаров "Бишкек жылуулук борборуна" көмүр сатып алуудагы мыйзамсыз иш-аракеттер боюнча айыпталып, жети жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратылган.

 

Президент Алмазбек Атамбаев ушул айдын башында маалымат жыйында Салянованын жолдошун паракор деп атап, андан көңүлү калганын билдирген эле. Мурунку баш прокурор президент маалыматтарды терең текшербестен, анын дарегине айтылган дооматты чеки иш деп баалаган.

 

Элеонора Бейшенбек кызы
Булак: "Азаттык"