“Мегакомдун акцияларын басып алган”- деп айыпталып аткан үч депутаттын бири Аида Салянова бул бийликтин курулай жалаасы экенин жарыялады. Соцтармактагы баракчасына билдирүү калтырган депутат мындай жалган маалыматтардын көч башында Атамбаев өзү турганын белгиледи.

 

 

“УКМК төрагасы Абдил Сегизбаев “Мегаком” боюнча үч депутаттын кызыкчылыгы жөнүндө документтерди жар салганы менен алардын кантип алынганы тууралуу эч нерсе айта алган жок. Жарыя кылардан мурда ал документтер качан, кандайча пайда болгонун тастыктап алса, коомчулукта бул иш бийликтин эле колунан келди деген шек пайда болмок эмес”, - деген депутат айым лицензия боюнча  мындайча түшүндүрдү:

 

“Елисеевдин токтотулуп турган лицензиясы бар болчу. Юстиция министрлиги лицензиясын жандандырып гана койгон. Мыйзам боюнча адам оорукчан болсо же ага карата күнөөлүү деген соттун чечими чыккан болсо гана лицензия берилбейт. А лицензияны жоопкерчиликтен бошотпойт, укук коргоо органдарына эч кандай тоскоолдук жаратпайт. Укуктук өлкө Конституция менен жашашы керек. “Сенин кеткен бийликке жакындыгың бар экен”- деп мыйзамды буза турган болсок, анда эмнеге ошол эле Сегизбаев азыр Москвада Акаевдин жанында эмес, президент Атамбаевдин жанында жүрөт? Текебаевдин, Шыкмаматовдун, Салянованын "Мегакомдо" бир тыйындык акциялары жок экенин мамлекеттик органдар билбеши мүмкүн эмес. Алар мындай калпты өздөрүнүн демилгеси менен алып чыккандай эки башы жок. Демек, калптын артында Алмазбек Атамбаев өзү турат. Эртең колундагы кагаздары жасалма болуп чыкса, президент өзү жооп бериши керек​”.

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, №42 (273), 23.11.2016-ж.