- Кечээ Аксы окуясы эскерилди. Президент Атамбаев: “Аксы окуялары кыргыз эли бийликтин зордук-зомбулугуна, өзүм билемдигине моюн сунбастыгын, тизелеп жашагыча, тикесинен тик туруп  жанын берээрин далилдеди. Эркиндикти, көз карандысыздыкты бардыгынан жогору коюп, ал бийик максат үчүн керек болсо өмүрүн курмандыкка чалаарын дагы бир ирет ырастады”,- деп айтты. Ушуну билет экен, анда эмнеге элди атууга буйрук берген адамдарды жоопкерчиликке тартуу боюнча конкреттүү иш жасаган жок?

 

- “Аксы окуясынын толук күнөкөрлөрүн таап чекит коебуз”,- деп Бакиевдер сөз берген. Бийликке жеткен соң унтушту. Атамбаевдер сөз берген, бийликке жетишти, унутушту. Демек эч убакта толук чындык ачылып, күнөөкөрлөр жазаланбайт. Себеби Бакиевдин учурунда Азимбек Бекназаров Башкы прокурор болуп турду. Аксы окуясы боюнча эмне кылды? Атамбаевдин учурунда бүт күч органдарын башкарып турду, эмне кылды? Аксылыктар биринчи кезекте жоопту ошол Бекназаровдон сурашы керек да. Бакиевден, Атамбаевден сурабай. Кылган иши болсо айтып чыкпайбы, “Мен чындыктын бетин минтип ачтым эле, Бакиев же Атамбаев тоскоол болуп жаптырып койду”,- деп. Аксы окуясы жөн гана саясый оюнга айланып калды, саясый упай топтогусу келгендер кыйкырып чыккан.

 

- 24-марттын 10 жана 7-апрель окуясынын 5 жылдыгы жакындап келе жатат. Сиз үчүн бул окуялар эмнени туюндурат? 7-апрелде жүзгө жакын адам окко учту, алардын өлүмү текке кеткен жокпу?

 

- Тарыхта 24-марттын да, 7-апрелдин да өз орундары бар. Эстегилечи, 24-мартта бүгүнкү бийлик башында отургандар бүт бийликке келишкен. Отунбаева, Атамбаев, Оторбаев, Кулов, Текебаев, кыскасы бүт бүгүнкү бийликте отургандар. Болгону 3-4 жылдан кийин Бакиев менен келише албай калышып, бийликтен кетишкен. 7- апрелде кайра келишти. Бул жолу акылдуу болуп калышкан экен, ар кимиси өз "аймактарын" туура бөлүштүрүп алышты да, бири-бирине көп тийишпей, тымызын ичтеринен тиш кайрашкан менен сырттарынан күлүп коюшуп, жырткычтардай аңдышып отурушат. Шайлоо мөөнөтү жакындаган сайын торго түшкөн жыландай туйлап, чабагандай башташты. Кайдагы антты айтасыңар. Антты кой, ЖК же өкмөт өткөн беш жылда көзгө көрүнүктүү эмне иш кылды? Эл үчүн эч нерсе. Өздөрү болсо 3 тонна алтынды сиңирип коюшту. Бул кесепет болуп белгилүү болуп ачыкка чыкканы. Ачыкка чыкпаган канча тонналаган алтындар кетти экен?

 

Биздин мамлекет бүгүн экономикалык кризистен да жүз эсе коркунучтуу рухий киризиске, андан он эсе коркунучтуу мамлекеттик денгээлдеги саясий элита кризисине туш болдук.

 

Бирден санап берейин.

 

Рухий кризис. Ачарчылыкта да, согуш мезгилинде да адамдар байыш үчүн, кой жанды аман алып калыш үчүн арам эт, арам тамак сатууга, жешке барышкан эмес. Абийир, рухий, жандүйнө жоопкерчилиги андай ишке барууга жол берген эмес. Бүгүн ушул жетишкен заманда адамдар байыш үчүн арам тамактарды сатып, “кандай болсо да көп акча тапсам болду”,- деген жанталашкан жолго түшүп алышты. Абийир, акыл, билим, кесиптик артыкчылык дегендер акчадан төмөн туруп калды. Акчаң болсо билимиң жок болсо да, башың көңдөй болсо да, жок дегенде депутат болосуң дешет. Бул ачуу чындык. Акчасы бар экен дипломду сатып алып депутат болгондор отурат. Эч уялдай бетин тултуйтуп. Рухий маданиятуу, намыстуу өлкөдө мындай абийир төгүлгөн иш болсо өзүн өзү атып салат.

 

Бүгүн саясий элита кризисине туш болдук. Эл саясаттагылардын бирине да ишенбей калды. Чынында эле арасында бир тазасы жок. Бүт биринен-бири ашып, жеп ичкендер.  Мамлекеттик кызматтагылар “бүгүн бербесең иштей албайсың, бериш үчүн алыш керек”,- деген мыйзам менен иштешет. Бийликке жетишери менен аны өзү да жалданып иштеген мамлекеттик кызмат катарында эмес, жеке менчик фирмасындай көрүп каалаганын жасамайга өтүшөт. Мыйзам дегенди уруп да ойношпойт. Менимче саясий бузулган элита республикалык бюджеттегиден эки эсе чоң каражатты ичип жеп коюп жатышат. Мени жалган десеңер качкан эки Президент жана анын тегерегиндегилер эле канча миллиарддарды сыртка чыгарып кетишти.

 

Мамлекет экономикалык кризистин азабынан эмес, мына ушул руханий, абийир-ахлак жана саясий элита киризисинин азабынан оңоло албай жатат. Бул эки ажыдаар турганда улам төмөндөп, талкаланаганыбыз талкаланган.

 

Аэлита Сатындиева

Булак: “Майдан.kg” гезити