Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 9-февралда № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Юлдашева Зиядахан Исламовнанын каттоосун жокко чыгарды. Бул тууралуу БШКдан билдиришти. 

Шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арызы менен талапкер З. Юлдашева КР БШКга 2026-жылдын 6-февралында кайрылган.

Мындан тышкары, КР Борбордук шайлоо комиссиясы аталган талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн каттоосун жокко чыгарды жана аларга берилген каттоо ырастамаларын жараксыз деп тапты.