Возможно, это изображение текст

Жогорку Кеңештин депутаты Алишер Козуев Кытай Эл Республикасынын Бинву Дэн баштаган инвесторлор тобу менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттен билдиришти. 

Анда эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланып, пайдалуу кендерди чалгындоо чөйрөсүндөгү мүмкүнчүлүктөр тууралуу сөз болду.

Депутат Алишер Козуев эки өлкө ортосундагы бай тарыхка жана жакын коңшулукка негизделген мамилелер барган сайын өнүгүп, учурда стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине жеткенин белгиледи. Эл өкүлү ошондой эле экономикалык байланыштарды кеңейтүү, ири инвестицияларды тартуу, инновацияларды киргизүү жана инфраструктураны өнүктүрүү маанилүү багыттардан экенин билдирди.

Возможно, это изображение текст

Өз кезегинде Бинву Дэн кытай тарап да Кыргыз Республикасы менен узак мөөнөттүү жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экенин айтып, инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда заманбап технологияларды колдонуу, жергиликтүү адистер менен иштешүү жана туруктуу өнүгүү принциптерин сактоого өзгөчө көңүл бурарын кошумчалады. Жогорку Кеңештин депутаты Алишер Козуев Кытай Эл Республикасынын Бинву Дэн баштаган инвесторлор тобу менен жолугушту.

Анда эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланып, пайдалуу кендерди чалгындоо чөйрөсүндөгү мүмкүнчүлүктөр тууралуу сөз болду.

Возможно, это изображение текст