Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин жаңы редакциядагы текстин жана музыкасын даярдоо жөнүндө» Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору кабыл алынды.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев мамлекеттик гимндин тексти жана музыкасынын жаңы редакциясынын мыкты долбоорун тандоо боюнча түзүлгөн комиссиянын иши тууралуу маалымат берип, аталган комиссия сунушталган 900дөн ашык эмгектин ичинен үч вариантты тандап алганын билдирди.
Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин төрагасы Курманкул Зулушев гимндин текстинин жана музыкасынын үч вариантын тең четке кагууну сунуштады.
Жыйынтыгында Жогорку Кеңеш тандалып алынган үч вариантты тең четке кагуу чечимин кабыл алды. Ал эми мамлекеттик гимндин текстинин жана музыкасынын жаңы редакциясын даярдоо боюнча ведомстволор аралык адистештирилген комиссиянын курамына Жогорку Кеңештин депутаттары Нуржамал Төрөбекова, Бактыяр Калпаев, Уланбек Жаанбаев, Камила Талиева жана Венера Салямова кирди.