Бүгүн, 19-декабрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын башчылык кызмат орундарына жаңы жетекчилер дайындалды.

Тагыраагы, Кутман Турсункулов Жогорку Кеңештин Аппаратынын жетекчиси, ал эми Мария Исанова биринчи орун басары, Нарынбек Кубатбек уулу орун басары болуп бекитилди. Бул боюнча Төрага Нурланбек Тургунбек уулу тиешелүү тескемелерге кол койду.  

Кошумчалай кетсек, буга чейин аталган кызматтарды аркалап келген Алайбек Алымбаев Төраганын кеңешчиси болсо, Эльмира Эшенкулова Эмгек, саламаттыкты сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелери боюнча комитетинин бөлүм башчысы, ал эми Искендер Сулайманов Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү, маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитетинин бөлүм башчысы кызматына киришти.