Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 15-16-октябрда премьер-министрдин орун басары, тышкы жана европалык иштер министри Таня Файондун чакыруусу менен Словенияга расмий сапар менен барат.

Ведомстводон маалымдашкандай, сапардын алкагында тышкы саясат ведомстволорунун башчылары кыргыз-словения эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин жана эл аралык уюмдардын алкагындагы кызматташууну талкуулоо үчүн сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Мындан тышкары, бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу пландалууда.

Булак: Кабар