Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин кийинки саммити 2026-жылдын 9-октябрында Түркмөнстанда өтөт. Бул тууралуу КМШнын башкы катчысы Сергей Лебедев Душанбедеги саммиттин тар чөйрөдөгү жыйынында кабыл алынган чечимдер тууралуу маалымат берип жатып билдирди.

"Делегация башчылары Түркмөнстан 2026-жылы Шериктештикте төрагалык, ал эми Тажикстан менен Өзбекстан тең төрагалык кылары жөнүндө чечим кабыл алышты. Салтка ылайык, иш-чара төрагалык кылган өлкөдө өткөндүктөн кезектеги жыйын 2026-жылдын 9-октябрында Түркмөнстанда болот", — деди Лебедев.

Булак: sputnik.kg