{{ item.title }}

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-октябрда Азербайжандын Габала шаарында Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын 12-саммитине катышты.

Иш-чаранын жыйынтыгында ТМУга мүчө-өлкөлөрдүн лидерлери төмөнкү документтерге кол коюшту:

- Түрк мамлекеттер уюмунун Габала декларациясы;

- “ТМУ+ (OTS Plus)” форматын баштоо жөнүндө чечим;

- ТҮРКСОЙ Эл аралык уюмун бекемдөө жөнүндө чечим.