Президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-сентябрда кыргызстандыктарга кайрылуу жасады. Ал буга чейинки 3 төңкөрүш шайлоолордон улам келип чыкканын эске салып, эми мыйзамсыздыкка жол берген эски система жокко чыгарылганын белгиледи. 

"Көз карандысыздыкты алгандан кийин 30 жыл ичинде Кыргызстаныбызда 3 жолу төңкөрүш болду. Үчөө тең шайлоолордон келип чыккан. 3 жолу мамлекетибиз чачырап кетүү коркунучуна келип такалган. Анткени шайлоолор адилет өтчү эмес. Биринин добушун экинчисине кошуп, же болбосо аз добуш алган талапкердин добушун көбөйтүп, добуштарды сатып алып, айтор, бийлик башындагылар каалагандай шайлоолор өтүп келген. 

Азыр андай эски шайлоо системасын жок кылдык. Илгеркидей бюллетендерди чыгарып алып, шайлоо участокторуна алдын ала камаздап ташып барып, аларды күнү-түнү кайтарып жаткан мезгил өтүп кетти. 

Баары санариптешти. Азыр эми шайлоо участогуна барып, каттоодон өтөрүңүз менен ошол жерден бюллетенди компьютер чыгарып берет. Каалаган талапкериңизди шайлап, бюллетенди автоматтык жашикке саласыз. 

Автоматтык жашик добушуңузду кайсы талапкерге бергениңизди дароо эсепке алып коёт дагы шайлоо убактысынын бүтүшүн күтөт. Шайлоо убактысы аяктап, кечки саат 20:00дө жашиктин кнопкасын басканда кайсы талапкер канча добуш алганын дароо эсептеп чыгарып берет. 

Андан сырткары, жашиктеги бюллетендерди төгүп алып, талапкерлердин байкоочулары менен биргеликте кол менен дагы санап чыгышат. 

Ал бюллетендер бир жыл бою архивде сакталып калат. Кайсы талапкер кайсы шайлоо участогунан күмөн санаса, арыз жазып барып, кайрадан санап чыкса болот. 

Кыскасы, бир дагы талапкер же кандайдыр бир күчтөр шайлоонун жыйынтыгына доомат коё албайт. Себеби бизде шайлоо системасы толук электрондошуп, автоматташкан. 

Мындай шайлоо системасы КМШ өлкөлөрүнүн ичинде бизде гана бар", - деди президент.

Мамлекет башчы  кыргыздын “оозун сүткө күйгүзгөн айранды үйлөп ичет” деген таасын айтылган сөзүн белгилеп,  "шайлоонун шайтан оюндарынан 30 жылда 3 жолу төңкөрүш көргөн жаныбыз шайлоо системасын адам фактору аралашпагандай кылып толук санариптештирип, автоматташтырып салдык" дейт. 

"Мен муну менен эмнени айткым келди. 

Мындан ары шайлоолордо добуш саноодо жана жыйынтык чыгарууда бийликтин эч кандай таасири болбойт. 
Добуштарды компьютер санайт, жыйынтыгын дароо компьютер чыгарып берет. 

Андан кийин кол менен дагы санап алсаңыздар болот. Жыйынтыгында, эч айырма болбойт, ошол эле компьютер чыгарган жыйынтык жана кол менен санаган бюллетендер бирдей чыгат. 

30 жылда миң түркүн депутаттарды көрдүңүздөр. Жакшысын да, жаманын да, популистин да, демагогун да, кыйкырчаагын да, бакырчаагын да, кооз сүйлөгөнүн да, байын да, кедейин да, добуш сатып алганын да, сатканын да, көрдүңөр дегендей. 

Ошентип, депутат шайлоодо “мастер” эле болуп калдыңыздар деп ишенем", - деген Садыр Жапаров элди туура тандоо жасоого чакырды.