Эгемендүүлүк күнүнө карата Ошко Орусиядан чоң делегация келди КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Ош шаарына Эгемендүүлүк майрамына байланыштуу Орусиядан ири делегация келди. Аларды Орусия президентинин администрациясынын чет өлкөлөр менен аймактар аралык жана маданий байланыштар бөлүмүнүн башчысы Игорь Маслов жетектеп келди.

Курамда Мамдуманын Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрага орун басары, Олимпиада чемпиону Ирина Роднина, белгилүү мушкер жана депутат Николай Валуев, космонавттар Фёдор Юрчихин менен Денис Матвеев, шахматчы Сергей Карякин жана башка белгилүү коноктор бар.

Делегация Ош жана Жалал-Абад шаарларында өтө турган бир катар иш-чараларга, анын ичинде Валентина Терешкова атындагы жаңы мектеп-интернаттын ачылышына катышат.

Булак: koom.press