Президент Садыр Жапаров мамлекеттин казынасына зыян келтирген мамлекеттик кызматкерлердин жазасыз калбай турганын белгиледи. Бул тууралуу ал өзүнүн Facebook баракчасына жазды.
"Мамлекеттин акчасына кол салган бир дагы чиновник кеч болсо да жазасыз калбайт. Ошондуктан азыртадан оңолгула. Биздин убагыбызда мамлекеттин акчасын уурдоо деген болбош керек", — деп билдирген өлкө башчысы.
Бул билдирүүдөн мурда, 16-июлда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Бишкек шаарынын айрым аймактарын кыдырып, сапатсыз парк курулушу жана мамлекеттик жерди туура эмес пайдалануу фактылары боюнча бир нече жооптуу аткаминерди карматкан. Алар мамлекеттин казынасына зыян келтирди деп шек саналууда.
Булак: koom.press