Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-майда, Мажарстанга болгон жумушчу сапарынын алкагында Будапешт шаарында өтүүчү Түрк мамлекеттер уюмунун бейформал саммитине катышуу үчүн «Варкерт-Базар» имаратына келди.

Мамлекет башчысын Мажарстандын премьер-министри Виктор Орбан тосуп алды.

Саламдашуу жана биргелешип сүрөткө түшүү аземинен кийин делегация башчылары саммитке катышуу үчүн залга өтүштү.