Кыдырмаев Медербек Тариэлович Шаар куруу жана архитектура департаментине караштуу "Бишкекбашкыархитектура" мамлекеттик мекемесинин жетекчиси болуп дайындалды.

Тиешелүү буйрукка курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев кол койду.

Чечим Кыдырмаевдин жеке арызы жана Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин сунуштамасынын негизинде кабыл алынган.