Возможно, это изображение 2 человека и текст

Үстүбүздөгү аптада жалпы жумурай-журтубуздун купулуна толо турчу саамалык орун алып, көкүрөк көтөргөн, көңүл сүйүнткөн өтө чоң иш жасалды. Атап айтсак, Ташиевдердин үй-бүлөсү өз эсебинен 570 миллион сомго заңгыраган, заман талабына ылайыкталган Эне жана баланы коргоо борборун куруп, мамлекетке өткөрүп беришти. Башкаларга үлгү боло турган мындай иш өз мамлекетин, өзүнүн элин, жерин чын дилден сүйгөндүктөн улам жаралары чындык. Мактоого татыктуу, алкоого арзый турган эмгек экени анык.

Дегенибиз, эгемендүүлүк алгандан берки 30 жылдык тарыхта мамлекетти мите курттай соруп, миллиарддаган сумманы сугунган далай чиновниктер байлыгын сыртка ташып кеткенин билебиз. Азыр дагы тымпыйып жүргөн көптөгөн мурдагы мамлекеттик кызматкерлердин чет өлкөдө байлыктары катылуу экени айтылып келе жатат. Бала-чакасы, небере-чөбөрөлөрү кутуруп, дүйнөнүн чар тарабында сайрандап жүргөнүн угуп, көрүп деле жатабыз. Мамлекеттен мыйзамсыз менчиктештирип алган мүлктөрдүн кирешесине туйтунуп, кайтарып бербей жүргөндөрү да толтура. Айтор, элдин эсебинен топтогон байлыгын жеке өздөрүнүн гана кызыкчылыгына пайдаланып жатышканы жалган эмес. Элден тоноп, мамлекет үчүн бир тыйын киреше киргизишкен жок. Мына ушундай керт башын гана ойлогон заманда агымга каршы сүзүп, ондогон жылдар бою жеке ишкерликтен түшкөн пайдасын мамлекетке салган, 570 миллион сомдук борборду куруп, турган турпаты боюнча элге берген Ташиевдердин иши чынында эле алкоого татыйт. Бул мурунку жегичтерди эсине келтирип, келечек муунга, жаштарга чоң үлгү боло турган окуя экенин айта кетишибиз керек. Элим, жерим деген мекенчилдер гана коомду алдыга сүрөп, кыргызды сактап келген. Мындан ары дагы ошондой инсандар элибиздин уңгусун улантып, өзөгүн бекемдери шексиз.

Сөз оролуна келсек, үч күн мурун Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Барпы айыл аймагынын Чокмор айылына курулган аймактык оорукананын төрөт бөлүмүнүн жана балдар ооруканасынын ачылыш аземи болду. Ага Президент Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев катышты. Мамлекет башчысы жалпы дарыгерлерди – Эне жана баланы коргоо борбору, ошондой эле Балдар ооруканасынын ачылышы менен куттуктап, ага салым кошкондорду белгиледи.

“Ачык айтып коюшубуз керек: бул иште колу ачык, жоомарт мекендештерибиздин дагы үлүшү бар. Мен ушул жерден баса белгилеп айта кетпесем болбос. Мурда чиновниктер дейбизби, бизнесмендер дейбизби, айтор Кыргызстандан тапкан акчаларын чет жакка чыгарып кетишип, ошол жакка бизнес ачып, завод-фабрикаларды салып, ошол жакка заңгыраган имараттарды куруп, бүгүн да ошол бизнестерин көзөмөлдөп Кыргызстанга келе албай жүргөндөрдү баарыбыз билебиз.

Мына ошолор сыяктуу болбостон, Ташиевдердин үй-бүлөсү өзүнүн мунай базасын сатып, анын акчасына ушул төрөт үйүн салып, мамлекетке өткөрүп берип жатышат. Бул “Элде болсун, элде болсо, бизде болот” деген сөз. Бул – чыныгы үлгү, чыныгы патриотизм». Белгилей кетишибиз керек, бул долбоор – пайда үчүн эмес, эне-баланын ден соолугу үчүн, элдин бакубат жашоосу үчүн жасалган улуу иш. Ташиевдердин бул кадамы – мамлекетке берилгендиктин жана элге кызмат кылуунун жогорку үлгүсү. Мамлекетибиздин ар тараптан өнүгүшүнө кол сунган Ташиевдердей атуулдарыбызга ар дайым ыраазычылык билдирем, бар болуңуздар” — деди Садыр
Жапаров.

Эч кимге жашыруун эмес, акыркы жылдары өлкөбүздүн медицина тармагын жакшыртуу аракеттери арышын керип, заманбап ооруканалардын курулушуна өзгөчө маани берилүүдө. Жогорудагы объектилердин курулушуна жергиликтүү бийлик 3 гектар жер аянтын бөлүп берип, 2023-жылдын март айында пайдубалы түптөлүп баштаган. Имарат 75 орундуу төрөт бөлүмүн жана балдар ооруканасын камтып, жалпысынан 470 штаттык бирдик менен камсыздалат. Албетте, 280 миң калкы бар Сузак району – өлкөбүздөгү ири райондордун бири экени маалым. Мына ушундай чоң аймак болгондуктан, энелердин да, балдардын да ден соолугуна кам көрүү, төрөткө чейин жана төрөт учурунда керек болгон бардык шарттарды түзүү, сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүү үчүн кошумча ооруканага болгон муктаждык жаралып келген. Кудай буюрса, Ташиевдер курган Эне жана баланы коргоо борбору райондогу түйшүктү бир топ жеңилдетет.

Аныгында төрөт үйү – бул Жараткандын амири менен жарык дүйнөгө дагы бир жаңы адамдын келишин жар салган, ата-эне болуу кубанычын тартуулаган, ар бир төрөлгөн ымыркай менен бирге өлкө келечегине үмүт, ишеним жана жоопкерчилик сезимдерди арткан аруу жай. Эли-журтубуздун саны артсын, өнүгүп-өсүп өркүндөсүн десек, дал ушул төрөт жайларын жетиштүү деңгээлде камсыздоодон, наристелердин аман-эсен, сак-саламатта төрөлүшүнө шарт түзүүдөн башташыбыз абзел. Ооба, жарандарыбыздын саламаттыгын сактоо төрөт үйлөрү менен эле чектелбейт. 2020-жылдан бери жалпы тармакка өзгөчө көңүл бурулууда. Аны да баса белгилеп кетишибиз керек. Мисалы, Жалал-Абадда республикалык бюджеттин каржылоосу менен облустук клиникалык ооруканасынын 100 орундуу имараты, кургак учукка каршы күрөшүү борборунун 96 орундуу имараты курулуп, пайдаланууга берилген. Ал дагы чоң эмгек экенин айта кеткенибиз оң.

Ошондой эле Базар-Коргондо, Ала-Букада аймактык оорукананын түзүмдүк бөлүмдөрү, Жалал-Абад шаарында 100 орундуу балдар ооруканасы жаңыдан курулду. Аксыда үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараты салынса, Сузакта жалпы дарыгерлер практикалык борборунун төрөт бөлүмү, Чаткалда хирургия бөлүмү капиталдык оңдоодон өткөрүлдү. Токтогулда болсо мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде компьютердик томография, облустук клиникалык оорукананын урология бөлүмүнө бөйрөктөгү ташты операциясыз талкалоочу медициналык жабдыктар коюлган. Облус аймагында фельдшердик-акушердик 10 пункт курулуп, мамлекеттик 8 дарыкана ачылган. Ал эми быйыл болсо Жалал-Абад шаарындагы №1 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараты, облустук перинаталдык борбор, Сузак районунун аймактык ооруканасынын 40 орундуу жугуштуу оорулар бөлүмүнүн имараттары жана башка курулуштар жүрүүдө. Буюрса, жыл соңуна чейин аталган саламаттык сактоо мекемелери ишке кирмекчи.

Булак: "Эркин-Тоо" гезити