Кыргызстанда 2025-2030-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясат бекитилди.

Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. 

Министрлер кабинетинин бул токтому – тартыштык шарттарында электр энергиясын керектөөчүлөрдү электр менен ишенимдүү жана үзгүлтүксүз жабдуу, ошондой эле электр менен жабдуучу уюмдардын чыгымдарынын ордун толтурууну камсыз кылуу максатында кабыл алынды. 

Бул токтом 2025-жылдын 1-майынан тартып күчүнө кирет.

Толук маалыматты бул шилтемеден аркылуу алсаңыздар болот.