Нет описания фото.

- Өткүрбек мырза, сиздин “А Балким...” программаңызда коомчулукту кызыктырган курч маселелер чагылдырылып жатат. Бирок, акыркы чыгарылышыңызда Бакиевди актагандай болуп калыпсыз... Туура айтып атамбы? Бул маселеге кайрылышыңызга эмне себеп болду?

 - Чынын айтканда, мен дагы көпчүлүк эле Кыргызстандын жарандары сыяктуу эле 2010-жылдан бери токтобой, уланып келе жаткан “Бакиевдер бөкөчө...”- деген ач кыйкырыктардан тажадым. Кимдер ага каршы чыгып жатканы белгилүү. Бакиев чын эле элдин канын төккөн болсо, анда эмнеге алар анын келип, ачык сотто бардык суроолорго жооп беришине каршы чыгып жатышат? Эмнеден коркуп жатышат? Мен мына ушул суроону кабыргасынан койдум.

- Тагыраак айтсаңыз, ошол ач айкырык салгандар кимдер?

- Баягылар эле...  2010-жылдан бери “Бакиевдер Кыргызстанга келгени жатат, кокуй эле кокуй…” деп ач кыйкырык салууга аракет кылган топтун кайрадан социалдык тармактарда активдүү иштеп жатканы байкалып турат. Бир жагынан Болот Темиров, Лейла Саралаева сыяктууларды ишке салып, экинчи жагынан эки сөздү кошуп кыйратып сүйлөй албаган Мадумаров айтмакчы “сабатсыз” бирөөлөрдү кошуп алышып, күн алыс эле “Бакиев келгени атат, Жапаров менен Ташиев Бакиевди алып келгени жатат” деп безилдегени безилдеген. Же булардын мындай ач кыйкырыгына бирөө көңүл бурса...

Өздөрүнүн 5-6 фейктери жана тролль фермасында иштегендер, анан баягы эле бул теманын автору Алмазбек Атамбаевдин 5-6 тарапташымын деген интернет колдонуучулары гана комментарий жазып, “өлдү эле өлдү” деп айгай салымыш болбосо, башка карапайым калың журттун бул темага көңүл бурганы деле жок. 

Эсиңизде болсо, Бакиевден бийликти алыш үчүн болгон күчүн, болгон айла амалын колдонгон, анын ичинде ошол аянттагы 90 адамдын өлтүрүлүшүнө жана андан соң түштүктө кыргыз-өзбек кагылышын чыгарып, жүздөгөн адамдын өмүрүн алган жана миңдеген адамды кайгыга салууга түздөн-түз себепкер болгон ошол Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү эмес беле. Мунун баары бир гана максатты көздөгөнүн: элдин канын төгүү жолу менен болсо да Бакиевден бийликти алуу үчүн гана жасалгандыгын бүгүн эми билбеген, түшүнбөгөн кыргызстандык калдыбы? Ошол 2010-жылдан бери элдин баарын “Бакиев келатат”-!деп жаш баланы коркуткандай коркутуп жүрүп, акыры 2020-жылы гана бул жомокчулардын жомогунан кутулгандай болбоду беле кыргыз эли?! Анан эми бүгүн дагы, кайра-кайра эле ага бир эки бекерчиге акчасын берип коюп,”Бакиев келатат деп элди  коркутуп, кыжыры келип, көтөрүлүп кетсе ажеп эмес” деп үмүттөнүп аткандарга эмне десе болот? Булар качан бул өздөрү ойлоп чыгарган жөө жомогу менен элдин тынчын алууга аракет кылуусун токтотушат болду экен? Убактылуу Өкмөт кандуу жол менен Бакиевден бийликти басып, тартып алгандан кийин, мамлекетти шагырап 14 адам 10 жыл каалагандай башкарышты. Каалаганын камады, каалаганын өлтүрдү, каалаганын баатыр кылды, каалагандай уурдады, каалаганын сыйлады...

Кадр саясатын шоопурлар менен секретаршалар башкарып жүрдү. Эл бир нерсе десе эле, “Ой мына канкор Бакиев бир нерсе кылганы атат, өч алганы атат, Бакиев келатат деп эле” алаксытып, коркутуп коюп, толук 10 жыл жыргашты. Ал аралык ичинде бул Убактылуу өкмөт мүчөлөрү  ич ара дагы бийлик талашып, акча талашып, ич ара кырылышып, урушуп талашып, деги койчу, эмнелер гана болгон жок?! Мунун баарын эл журт көрүп билип турбады беле?  Анан акыры, бири-биринен кызганып жүрүп, “сен кыйын, сенден мен кыйын”- деп отуруп алып келген президентин дагы иштете коюшпай, баягы эле таасир, баягы эле акча, баягы эле бир бажычыны талашып, атышууга чейин барып, анан акыры эмне болуп бүткөнүн элдин баары көрбөдүбү?  Эми бүгүн дагы кайра эле ошолор ар жерде башын кумга тыгып жатып алып, “Бакиев келатат”- деп көрүнгөнгө айттырып, элдин сезими менен ойногонун улантмакчы болуп жатканын ким билбей калсын. Же булар бул эски пластинка эми миң ирет кайталанса дагы, булар күткөн эффект бербей калганын түшүнүшпөйбү?

-Президент Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевди “Бакиевдин кадры” катары сыпатташат. Дал ошол себептүү, “Бакиевди актап, алып келгени жатышат”- деп атышпайбы...  

-Президенттин же Камчыбек Ташиевдин оозунан ушундай сөз чыктыбы? Ажобуз берген маегинде 2010-жылдагы окуялардын адилеттүүлүгүн орнотуу үчүн, Бакиевди дагы алып келип, ачык сот процессин жүргүзүп, көрсөтмөсүн алыш керектигин гана айтпады беле? А булардын тапкан сөзү эле: “Жапаров менен Ташиев Бакиевдин кишилери”. Бакиевдин тушунда бири министр, бири комиссар болгон экен. А анда эмне Бакиев президент болуп турганда, мисалы ошол эле Убактылуу Өкмөттөгүлөр жүгөрү кайтарып жүрүшкөн беле? Булар деле баары, толугу менен жогорку кызматтарда жүрүп, доорду сүрүшпөдү беле? Берки генпрокурор, министр болуп иштегендерди айтпаганда дагы, Алмазбек Атамбаев Бакиевдин премьер-министри болгонбу? Болгон. Сыйлыктарды алып, Бакиевди мактап чын дилинен ыраазы болуп эле, сыймыктанып жүрүшкөнбү? Жүрүшкөн. Анан эмне булар ошондо Бакиевдердин кишилери эмес дагы, жалгыз гана Жапаров менен Ташиев анын кишилери болуп калышы керекпи? Элдин башын айлантып, 2010-жылдан кийин КТРден эртеден кечке, “кокуй мына реваншисттер бийликти кайра алганы атат” деп жүрүп, эптеп элдин башын айлантып 10 жыл отурушту, анан реваншисти жок эле, Бакиевтери жок эле, булар түптөгөн бийлик өзү шайлоону итчесинен өткөрө коюп, эл өзү эле чыгып бийликти алмаштырып салганы жалганбы? Анан кайра-кайра эле “элди эмне менен көтөрүүгө болот” деп жатып алып, ойлонуп тапкандары эле ушул “Бакиев келатат, аны реабилитация кылганы жатышат, чыккыла эле чыккыла, ойгонгула, тура калгыла” деп буту күйгөн тооктой эле 5-6 блогерлери менен айгай салууга аракет кылганына күйөсүң киши. Же эмне Бакиев келсе, буларга, ошол Убактылуу Өкмөттөгүлөргө жакпаган ачуу чындыктар ачылып кетеби? Булар ошондон коркуп безилдеп жатышабы? Деги неге мынчалык эле Бакиевден коркушат болду экен?
“Бакиевдер келатат” деген сценарийдин авторуна дагы таң каласың. Ал кишинин проблемасы өзү, ошол өзүнүн тандап алып келип койгон досу менен болгон. Ал маселеге мисалы кыргыз элинин дагы, Жапаровдун дагы, Ташиевдин дагы тиешеси жок. Тетирисинче, бул бийлик келгенден кийин кыска аралыкта Атамбаевди камактан чыгарып, дарыланууга барып келе калайын дегенинен, сыртка чыкканга да уруксат берди го. Анан бул бийликке ал кишинин кандай дооматы же нааразычылыгы калды, түшүнбөйсүң. Же эмне досу камаган абактан чыгарып, кайра бийликке алып келип коюшу керек беле? Же булар азыр тымызын президенттик шайлоого даярдап жаткан Сапар Исаковду бийлике алып келип коюшу керек беле? Анан эми жөн эле жерден өзүнүн акчасын кетирип, кайра эле баягы кассетаны коюп, көрүнгөн бекерчиге “Бакиев келатат” деп жаздырып, видеоматериал жасатымыш эттирип, иликтемиш эттирип, жөн эле аларды бага бергендин кандай кереги бар? Мисалы, мейли, булар апыртып айткандай дагы болду дейли, булар ондогон жылдарын жана миллиондогон акчаларын кетирип,  жан алгычтай кылып элдин мээсине куюп келген, ошол Бакиев келди дейли. Анан, эмне болот? “Мына мен качпай эле келдим, кааласаңар соттогула, кааласаңар камагыла, мыйзам чегинде каалаганыңарды кылгыла, бирок ачык сот болсун, баарын бүт Кыргызстан эли түз эфирде көрүп турсун, бүт дүйнө жүзү онлайн көрүп турсун, баарын ачык такташалы, ким күнөөлүү болсо, ошол күнөөсүнө жараша жазага тартылсын, менин күнөөм болсо мен жооп берейин, Убактылуулар күнөөлүү болсо, алар жооп берсин”- десе эмне болот? Убактылуу Өкмөттүн маскасы чечилип, элден жашырып келген сырлары ачылып кетеби? же кыргыз эли эч качан билбеши керек болгон, билсе тетирисинче Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүн бирден кармап, жазалаганга туура келип кала турган жагдай пайда болуп калабы? Же эли-журт Убактылуу Өкмөткө ыраазы болуп, даңктайбы? Маселе мына ушунда. Акыры бир күн, баары бир бул маселеге чекит коюлуп, кыргыз эли 2010-жылдагы апрель окуяларында өлтүрүлгөн адамдардын, андан кийин июнь айында Ош-Жалал-Абадда кыргыз менен өзбектин ортосуна салынган кыргындын чыныгы авторлорун, чыныгы күнөөлүүлөрүн билип, өзүнүн баасын берээри талашсыз. 
Бакиев келеби же жокпу, кыргыз эли чындыкты билүүгө укуктуу жана татыктуу!  Андыктан “Бакиев келатат” деген эл арасына ызы-чуу салууну жана бийликти жаман көрсөтүүнү көздөп жаткан алдар-көсөлөрдүн бул ыкмасы эми эч кимге кызыксыз экенин, пайдасыз сценарий экенин моюнга алышы керек. 

- Апрель окуясынын 15 жылдыгы болуп калыптыр. Мискенбаев сыяктуу апрель баатырлары Бакиевди “элдин канын төктү”- деп кайрадан айтып чыгышты го?

- Эл-журт апрелде аянтта кимди ким артынан атып өлтүрдү, кимге ким баш айландыруучу дарылар кошулган сууларды ичирип, Ак үйдү көздөй чуркатты, элди чаң тополонго салып коюп, кимдер  банк кутучаларындагы акчаларды, алтындарды уурдап, мародерлук кылып чуркап жүрдү, кыргыз менен өзбекти кантип согуштурушту, Кадыржан Батыровдор менен эмнелерди пландаштырып, эмнелерди ишке ашырышты, мунун баарын элибиз билип бүттү бирок, биз так кесе айтып коюшубуз керек. Бакиевпи, Убактылуу Өкмөтпү эртели-кеч, апрель жана июнь окуялары үчүн сөзсүз түрдө адилеттүү жана ачык сотко барып, сөзсүз түрдө чыныгы күнөөкөрлөр жооп бериши керек! Анткени, силер ал убакта бийлик, байлык талаштыңар, силер колдонгон жарандарыбыз, бир туугандарыбыз, мекендештерибиз силердин айыңардан Азреил менен жан талашты! Курман болду! Кандар акты! Канча бала жетим, канча эне жесир калды! Силерди болсо жин дагы урган жок! Бир ит эмес, питиңер дагы өлгөн жок! Дагы эле бийлик талашып, байлык талашып жүрөсүңөр! Же силер тойбойдуңар же силерди эл күткөндөй кылып, катуу ордуңарга койгон адам чыкпады! Бул албетте адилеттүү эмес! Силерге азыр дагы эле ошол  жеке кызыкчылыгыңар зарыл болуп турат! Дагы эле ошол элдин арты менен ызы-чуу салып, бийлике келүүнү, өзүңөрдун кишилериңерди такка отургузууну көздөп, ар кандай жалган жашык менен элдин сезими менен ойноп жатасыңар! 
Ошондуктан, өлкөбүздө тынчтык жана ынтымак, адилеттүүлүк жана жакшылыктар гана болсун! Апрель жана июнь окуяларында каза болгон мекендештерибиздин жаткан жери бейиштен болуп, калган үй-бүлө жана жакындарына Жараткан Кудайым бекем ден-соолук, туура түшүнүк жана көп жакшылыктарды берсин. Элибизде мындан ары андай эл бузарлардын, канкорлордун, бийлик байлык үчүн элди кырып салганга даяр дүйнөпарастардын азыгырыгына алданган окуялар кайталанбасын!