Күн мурун тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Бириккен Улуттар уюмунун башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолукту.

Ведомстводон маалымдашкандай, тараптардын жолугушуусу министрдин Нью-Йорк шаарына болгон иш сапарынын алкагында өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө министр Кулубаев БУУнун эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту камсыздоо, ошондой эле глобалдык социалдык-экономикалык жана климаттык көйгөйлөрдү чечүү боюнча аракеттерин колдоорун билдирди.