Экс-президента Киргизии Атамбаева освободили из СИЗО - РИА Новости,  06.10.2020

Мындай пикирин журналист Зулпукаар Сапанов социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты: 

"Кайрадан бийликке жетүү үчүн аракеттенген Атамбаев сыртта жөн жаткан жок, колунан келген аракеттерди көрүүдө. 2010-жылы 7-апрелде кандуу төңкөрүшкө даярданганын көптөгөн саясатчылар айткан.

Бекболот Талгарбеков бир маегинде: "Атамбаев куралдуу төңкөрүшкө даярданганы кийин далилденди" деп, баарын тизмектеп берген.

Демек, өлкөдө башаламандыкты уюштурууну каалаган топтор жок эмес. Сырткы күчтөргө таянуу менен өз ишин жүргүзүп жатышат. Анан дагы азыр бийликке тишин кайрагандар көбөйдү.

Уюшкан кылмыштуу топтун өкүлдөрү, мамлекеттин мүлктөрүн мыйзамсыз менчиктештирип алып жыргап келген далай көпөстөр, жемкорлук менен соттолгон коррупционерлер бүт кичине эле үзөңгүдөн бут тайыса тытып жегенге даяр турушат. Алардан ар нерсени күтсө болот.

Эл арасына бүлүк салып, кан төгүүдөн да кайра тартпайт. Ак менен караны акыл менен аңдап, алдыга карай жыла беришибиз керек. Эң башкысы, күч түзүмдөрү өз милдетин так аткарышы шарт...",- дейт ал.