Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек арасы боюнча түзүлгөн келишим тууралуу айтып берди.
Ал эки өлкө ортосундагы жолдорду алмашуу тууралуу буларды айтып берди:
“Төрт-Көчөнү нейтралдуу пайдалануу боюнча мамлекеттик келишим түзүлдү. Азыр Ворухка карай Дача-Капчыгай жолу салынып жатканын билесиздер, мурда аны биз биздин аймак деп айтчу элек, бирок такталбаган аймакка кирчү. Ворухка баратканда Аксай жолу аркылуу өтүшчү. Биз азыр Аксай аркылуу өткөрбөстөн, Капчыгайдын үстүнөн атайын жол бердик, ал нейтралдуу макамына ээ. Бул 3 жолу боюнча эки өлкөнүн Транспорт министрлиги толук кандуу макулдашты.
Самаркандек-Миң-Өрүк жеген жол бар, ал мурдагы жетекчилердин шалаакылыгынан каралбай калып кеткен. Биз мындай шарт койдук: Дача-Капчыгай жолун беребиз, а силер бизге Самаркандек-Миң-Өрүк жолун толук, Төрт-Көчөнү нейтралдуу кылып бересиңер деп. Анан ал талапты аткартууга жетиштик. Бир жол берип эки жерден нейтралдуу жол алдык. Дача-Капчыгай, Самаркандек-Миң-Өрүк, Төрт-Көчө баары бирдей, нейтралдуу, баарынын укуктары бирдей, бириники көп же бириники аз эмес”, - деди Ташиев.
Андан ары УКМК төрагасы Төрт-Көчөнүн тарыхына токтолду:
“Муну айтсаң саясат болот, бирок айтпай коюу да болбойт. Төрт-Көчө боюнча мурдагы өлкө жетекчилери ката кетирген. Кандай ката? Коомчулукка айтып коеюн, Төрт-Көчөнү мурдагы коопсуздук кеңешинин катчысы Адахан Мадумаров ошол кездеги президент Бакиевдин тапшырмасы менен протоколго кол коюу менен тажиктердики деп таанытып берип койгон. Биринчиден, ал киши ошондогу кызматы менен чек ара боюнча протоколго кол коюуга конституциялык мыйзамдуу укугу болгон эмес.
Экинчи стратегиялык ката – 275 метр жерди тажиктердин жери деп таанып, аны 49 жылга кыргыз тарап ижарага алат деп кол койгон. Чек ара тилкеси жакын жайгашкан аймактарды чек ара маселесине чекит коюлмайынча кайсы бир жактыкы деп аныктабаш керек. Ижара алганы – бул силердин жер деп моюндаганы. Андан бери 20 жыл өтүп кетти, дагы 29 жылдан кийин “бул биздин жер, ижарага алган мөөнөтүңөр бүттү” деп кууп чыгышмак. Ошол кездеги жетекчилик параллелдүү- зеркалдык кадамга барышы керек эле: Төрт-Көчөнү ижарага алыштыбы, демек, биз силерге Ходжаи-Ворух көчөсүн ижарага берели деш керек болчу. Ошону менен ал жол биздики деп таанылып калмак”, - деди УКМК төрагасы.
Ошондой эле ал мурдагы өлкө жетекчилиги маселени убактылуу чечүүнү каалап, татаалдыкты көбөйтүп алышканын, чек ара маселесин чечүүдө тажик тарап ошол протоколду дайыма бетине кармаганын билдирди. Бир колдун туура эмес коюлушу: 55 аскер кызматкеринин өлүмүнө, 121 аскер кызматкеринин ар кандай жараат алышына, 63 жай тургундун каза болушуна, 253 жай жарандын жараат алышына, деги эле миңдеген адамдардын жабыркашына алып келгенин айтты.
Айтымында, Төрт-Көчө боюнча протоколго кызматтык милдети туура келбеген адам кол койгонун, демек, юридикалык күчү жоктугун билдиришкенде, алар “анда эмне үчүн ал адамды камабайсыңар?” деген суроо коюшкан. Ошол 275 метр жолду нейтралдуу макамга алып келүү үчүн Адахан Мадумаровго “мамлекеттик чыккынчылык” беренеси менен кылмыш ишин козгоого туура келген.
“Мына, чыккынчылыктын өзөгү кайда жатканын билип алыңыздар. Бул берененин мөөнөтү жок, бүгүн да, эртең да камап кое алабыз. Ал кол койгон протоколдун айынан ал турмак өзүбүз курган көпүрөнү өзүбүз ижарага алганбыз. Чыккынчылыктын баасы ушундай”, - деди Камчыбек Ташиев.
- Категория: Саясат
- Просмотров: 868