Бактияр Калпаев: Пайда биз тарапка бир эмес, эки жолу ооду

- Эгерде мамлекет ичиндеги кандайдыр бир маселе болсо, өзүбүз каалагандай чечип алмакпыз. Ал эми чек ара эки тараптын пайдасына, эки элдин кызыкчылыгына жараша чечилиши керек. Ворух анклавынын аянты 19 миң гектардан 14 миң гектарга чейин кыскарды. Өзүңүздөр билгендей, Ворух Кыргызстандын ичинде жайгашкан, ошону менен 5 миң гектар Кыргызстандын пайдасына өттү. 
Андан сырткары Төрт-Көчө альтернативалык маанилүү жол болуп эсептелинет. Ал аркылуу Баткен районундагы Самаркандек, Ак-Татыр айылдары, Лейлек району байланышат. Бул жолдун бир тараптын карамагында калбай, ортодогу, нейтралдуу жол катары калышы бир эмес, эки жолу биздин пайдабызга болуп калат. 

Султанбай Айжигитов: Мен айткан сунуштар эске алыныптыр 
- Азырынча биз макулдашуу боюнча документтерди көргөн жокпуз, Камчыбек Кыдыршаевичтин айткандары боюнча гана маалыматка ээ болдук. Эң жакшы жагы – кыргыз-тажик чек арасындагы маселеге чекит коюлганы. Эми Баткен элин көп жылдан бери кыйнап келген чыр-чатактар токтойт деп үмүт кылабыз. Мындай чыр-чатактар Баткендин өнүгүүсүнө көп кедергисин тийгизген. Деги эле мамлекеттик башкарууга да тийгизген залакалары көп болду. Мен чек ара маселеси боюнча Камчыбек Ташиев менен көп жолугуштум, кандай кылса туура болот, кандай кылууга болбойт деген суроонун тегерегинде өзүмдүн сунуштарымды, ойлорумду айткам. Бүгүнкү маалыматка караганда, ошол мен айткан сунуштар эске алыныптыр. 

Камила Талиева: Чек ара маселеси бир тараптын гана каалоосу менен чечилбейт
 - Мен азыр Баткен аймагынын тургундары менен байланышып жатам, элдин маанайы жакшы. Өздөрү да маал-маалы менен болуп турган чыр-чатактардан жадап, “чек араны чечкилечи, чыр-чатактарга чекит койгулачы” деп суранып калышкан. Негизи, чек ара маселеси бир эле тараптын каалоосу менен чечилбейт экен. Сүйлөшүүлөр төрт жылга жакын жүрдү, абдан чоң талкуу, абдан чоң мээнет болду. Эрежеси ушундай: бир жерди бересиң, бир жерди аласың. Тырышып тура берсең маселе чечилбейт.

Бакетаев: Жерди бөлүү – ширеңкенин бир талы, дүрт этсе улуу өрткө айланат
27-февралда Жогорку Кеңештин алты комитетине кыргыз-тажик чек арасы: эки өлкө ортосундагы жолду пайдалануу жана суу чарба, энергетика объекттерине жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу боюнча макулдашуунун долбоорлору тааныштырылып, депутаттар аталган документти талкуусуз жактырышты. 
Саясат талдоочу Бакыт Бакетаев эл өкүлдөрү чек араны чечүү эң татаал маселе экенин билгендиктен жана андагы маалыматтар Кыргызстандын кызыкчылыгын жетиштүү коргоого алгандыктан ашыкча суроо берүүнү туура көрүшпөдү деп эсептейт. 
“Дүйнөдөгү эң татаал маселе – чек ара маселеси. Анын үстүндө биздин учурда анклав көп, бул өз убагында чечилбесе, Израиль-Палестинадагыдай абалды жаратып коюшу да мүмкүн эле. Бирок ага жеткирбей, өтө таалылуу маселеге чекит коюлганына кубанышыбыз керек. 
Белгилей кетчү нерсе – демаркация менен делимитациянын айырмасын билбеген “билермандар” чек аранын чечилиши боюнча ойлорун айтып жатышат. Бирок алар акыркы чекитке чейинки жол канчалык татаал жана кыйын болгонун элестете да албаса керек. Албетте, ар бир жаран пикирин билдирүүгө акылуу, бирок эске алыш керек: жерди бөлүү өтө татаал, биздин өлкөдөгүдөй эле “билбесем да пикиримди айтып коеюн” деген популисттер Тажикстанда да кездешет. Биздеги оппозиция Тажикстанда да бар. 
Эч убакта чек ара бир тараптын кызыкчылыгын толук кандуу коргоп, экинчи жактыкын басмырлоо менен чечилбейт. 
Бул олуттуу маселе – ширеңкенин талы чырт этсе эле, улуу өрткө айланып кетиши толук мүмкүн. 
Эмнеси болсо да тарыхта чоң иш жасалды, коңшулар менен тынч жашоо этабына өттүк”, - деди Бакыт Бакетаев.

Надира Нарматова: Эми бир гана Баткен эмес, Кыргыз мамлекетинин бүтүндүгүнө коркунуч жаратпаган шартта жашайбыз 
Кыргыз-тажик чек арасы боюнча чечим кабыл алынып, акыркы чекит коюларына аз калды. Кечээ, 27-февралда Жогорку Кеңештин профилдик комитети тарабынан бул багыттагы макулдашу каралып, жактырылды. Макулдашууга ылайык, эки өлкө ортосунда талаш болуп келген Төрт-Көчө нейтралдуу макамга ээ болду жана мындан ары аны эки өлкө бирдей колдонот. 
Жогорку Кеңештин депутары Надира Нарматова кыргыз-тажик чек ара маселеси Кыргызстан эгемендүүлүк алган алгачкы жылдары эле чечилмектигин, бирок өлкө жетекчилеринин жоопкерчиликти алуудан тайсалдаганынан улам Баткен жергесинин тургундары көп жылдар бою коопсуздугунан коркуп жашап келишкенин белгиледи. 
“Кыргызда “Ойчул ойлонгуча, тобокелчил тоо ашыптыр” деген жакшы сөз бар. Азыркы бийлик – Садыр Жапаровдун командасы эл алдындагы жоопкерчилигин жакшы сезгендиктен, буга чейин эч бир президент батынбаган чек ара маселесин чечүүнү колго алды. Өткөн жылы Өзбекстан менен чек арабызды чечтик эле, ошондон бери чыр-чатак жок мамыр-жумур жашап, ал турмак эки өлкө ортосундагы кызматташтык жаңы деңгээлге көтөрүлдү. 
Кыргыз-тажик чек арасы өтө кылдаттыкты, аярдыкты талап кылган маселе болчу. Бул 30 жылдан бери курчуп, апогейине жетип калган. Анын айынан акыркы жылдары эле бир нече куралдуу кол салууну баштан өткөрдүк. Ондогон адамдардын өмүрү кыйырды, канча адамдын жашоосуна бүлүк салынды. Бул нерсеге чекит койбосо болбойт болчу... Кыргыз бийлиги жарандарынын коопсуздугу үчүн тынч сүйлөшүүнү – дипломатиялык ыкманы тандап алды. 
Биз УКМК төрагасы, кыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча өкмөттүк комиссиянын төрагасы Камчыбек Ташиевге рахмат айтышыбыз керек. Ал президентибиздин тапшырмасын так аткарды, Кыргыз мамлекетинин тарыхында кыргыз-тажик чек арасын тактады, талаштарга чекит койду. 
Бул тарыхый бурулуш... Эми документке эки өлкөнүн ТИМ башчылары кол койсо, кайрадан Жогорку Кеңешке ратификацияга келет. Андан соң эки өлкө президенттери кол койгондон кийин, мыйзам күчүнө кирет. Ошондо чек ара толук кандуу аныкталат. Бир гана Баткен эмес, кыргыз элинин, мамлекеттин бүтүндүгүнө, коопсуздугуна коркунуч келбей турган шартта, коңшулар менен тынчтыкта жашап калабыз. 
Бул – тарых барактарындагы алгачкы ийгилик”, - деди Надира Нарматова.