Президенттин чечимине ылайык, төмөнкүлөр ээлеген кызматтарынан бошотулду:

- Ош облусунун Ноокат районунун акими Субагожоев Жакыпбек Мойдунович;

- Баткен облусунун Баткен районунун акими Жоробаев Учкунбек Имамалиевич;

- Базар-Коргон районунун акими Карагулов Мирлан Кынатбекович;

- Ак-Суу районунун акими Насиров Мунарбек Жумабаевич;

- Араван акими Кулубаев Сейтек Дөлөтбекович;

- Талас облусунун Манас районунун акими Жээнбеков Досмамбет Аматович;

- Талас районунун акими Нармырзаев Нургазы Жакыпович.

Эске салсак, кечээ 21-февралда "Ынтымак-Ордодо" өткөн президенттин администрациясынын коллегиясынын отурумунун жыйынтыгында бир катар катаал чечимдер кабыл алынып, аталган райондордун жетекчилерин кызматтан алуу сунушу президенттин кароосуна киргизилген.

Булак: Кабар