Гүлсүнкан Жунушалиева

Борбордук шайлоо комиссиясы 18-февралда Жунушалиева Гүлсүнкан Ишенгазиевнаны Жогорку Кеңештин депутаты катары каттады.

Ага депутаттык күбөлүк жана төш белги берилди.

Буга чейин «Ата Журт — Кыргызстан» фракциясынан депутат болгон Гүлшаркан Култаева мандатын тапшырган.

Г.Жунушалиева Кыргыз мамлекеттик медициналык академиянын мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректору болуп эмгектенип жаткан.