Жогорку Кеңештин депутаты Гүлшаркан Култаева («Ата Журт — Кыргызстан») Борбордук шайлоо комиссиянын мүчөсү болушу мүмкүн, деп билдирди 17-февралда редакциянын булактары.
Ал президенттик жана аялдар квотасы боюнча бош орунду ээлейт. Буга чейин Нуржан Шайлдабекова БШКнын төрайымы кызматынан кеткени кабарланган. Бул маселе боюнча президенттик администрация, парламент жана БШК расмий комментарий бере элек.
Эгерде Култаева БШКга барса, анын парламенттеги ордуна Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиянын мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректору Гүлсүнкан Жунушалиева келиши мүмкүн.
Булак: Баракелде