Бүгүн тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Япониянын премьер-министринин атайын кеңешчиси Акихиса Нагасима менен жолугушту.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын келечегин, ошондой эле "Борбор Азия+Япония" диалогунун биринчи саммитине даярдык көрүү маселелерин талкуулады.

Министр Кулубаев президент Садыр Жапаровдун 2023-жылдын ноябрь айында Японияга болгон расмий сапарынын алкагында жетишилген макулдашууларды мындан ары ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи. Ошондой эле соода-экономикалык кызматташуу, инвестиция тартуу, ошондой эле эки тараптуу байланыштарды жогорку жана эң жогорку деңгээлде колдоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Япониянын премьер-министринин атайын кеңешчиси А.Нагасима соода-экономикалык кызматташтыкты жана үзгүлтүксүз саясий байланыштарды активдештирүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, жапон тарап тыгыз кызматташууга даяр экенин билдирди.

Тараптар ошондой эле аймактык жана эл аралык күн тартибиндеги маселелер боюнча пикир алмашышты.