Жогорку Кеңештин депутаттарын бир мандаттуу округдар боюнча шайлоону жокко чыгаруу тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкуудан алынды.
Мыйзам долбоорунун демилгечиси, парламенттин вице-спикери Нурбек Сыдыгалиев («Ишеним») «АКИpress» агенттигине мунун себебин түшүндүрдү.
Анын айтымында, шайлоого талапкерлер партиялар аркылуу гана катышып, шайлоочу партия тизмесиндеги 90 талапкердин бирине добуш берүү планы болгон. Коомдук талкууга коюлгандан кийин округдук, аралаш жана партиялык системалар боюнча бир катар сунуштар түшкөн. «Мисалы, партиялар да, бир мандаттуу талапкерлер да талапкерлигин коё турган 30 округ түзүү сунушталууда. Кыргызстанда 4 млн 144 миң шайлоочу бар жана аларды 30 округга бөлсөк, ар бир округга болжол менен 138 миң шайлоочу туура келет.
Бир округдан Жогорку Кеңешке 3 депутат өтөт: 2 эркек жана 1 аял. Аялдар парламенттеги орун үчүн бири-бири менен атаандашат. Башкача айтканда, алар үчүн парламентте 30 мандат камсыздалат. Партиялар да шайлоого катыша алышат», - деди Сыдыгалиев.
Анын айтымында, кайра шайлоо практикасын жок кылуу сунушталууда. Эгер депутат паламенттен кетсе, мандатты добуштардын саны боюнча кийинки талапкерге өткөрүп берүү керек. «Бул каражатты үнөмдөө үчүн жасалып жатат, анткени шайлоого көп акча сарпталат. Бир эле жолу шайлоо өтөт. Бул вариант мага жакты. Ошондуктан мыйзам долбоорун алып салдым. Сунуштар менен иштеп, кайра чыгарууну чечтим», - деген Сыдыгалиев.
Булак: АКИpress