Бүгүн, 28-январда Жогорку Кеңештин комитети Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын иши тууралуу маалыматты укту.

Талкуунун жүрүшүндө депутат Дастанбек Жумабеков мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча улуттук комиссиянын жүргүзүп жаткан иштери тууралуу суроолорду берип, мамлекеттик тилди колдонуу тиешелүү конституциялык мыйзам менен жөнгө салынарын баса белгиледи.

Ал ошондой эле "Кыргызтест" мекемесинин ишин күчөтүү, балдарга кыргыз тилин окутуунун методикасын кайра карап чыгуу зарылдыгын айтты.

"Кыргызтест" дегенде биздин чиновниктер, мамлекеттик кызматкерлер титиреп турушу керек. Биз муну кандайдыр бир жол менен мыйзамдаштырышыбыз керек. Ошондо гана мамлекеттик кызматкерлер тесттен өтпөй калуудан коркуп, ага кылдат даярданышат. Бул эмнеге алып келет? Ошентип, адамдар бала кезинен тил үйрөнүү зарыл экенин түшүнүшөт. Мамлекеттик кызматкерди тарбиялоону көздөгөн ата-энелер кыргыз тилин сапаттуу үйрөнүү үчүн бала кезинен кадам ташташат. Бизге мындай идеология керек",-деди эл өкүлү Дастанбек Жумабеков.

Ошол эле учурда депутат Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия жана Билим берүү министрлиги котормосу бар кыргыз тилиндеги окуу усулдарын, окуу китептерин карап чыгышы керектигин айтты.

Булак: koom.press