Ош шаардык мэриясынын коллегиясынын жүрүшүндө министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жаңы мэр Жеңишбек Токторбаевди мэриянын жамаатына тааныштырды.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев шаарды өнүктүрүү жана анын социалдык-экономикалык туруктуулугун чыңдоо процессинде жетекчиликтин негизги ролун белгиледи.
Ал белгилегендей, жаңы мэрдин алдында шаардын инфраструктурасын комплекстүү өнүктүрүү, жарандардын жашоо сапатын жакшыртуу, жаңы жумуш орундарын түзүү боюнча чоң милдеттер турат.