Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Армениянын тышкы иштер министри Арарат Мирзояндын чакыруусу менен 22-23-январь күндөрү иш сапары менен Арменияга барат.

Ведомстводон маалымдашкандай, сапардын жүрүшүндө эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун башчыларынын сүйлөшүүлөрү болуп, анын алкагында кыргыз-армян кызматташтыгынын эки тараптуу маселелеринин спектри талкууланат.