Өзүнүн кайрылуусунда генерал-полковник Камчыбек Ташиев коррупцияга каршы күрөш чечүүчү фазага өткөнүн жар салды: "Президентибиз Садыр Нургожоевичтин 2025-жылы алдыбызга койгон талаптары бар, ошол боюнча кайрылуу жасоону туура көрдүм. Биринчиси, быйылкы жылдын 1-январынан тарта коррупцияга каршы мыйзамдар катаалданды, муну жалпы коомчулукка жеткизип коюну чечтим. Аталган мыйзам ишке киргенин жемкорлукка барган адамдар, айрыкча мамлекеттик кызматкерлер билүүгө милдеттүү. "Билбей калдым, сезбей калдым" деген шылтоолор болбошу керек. Негизги биздин максатыбыз - 2025-2026-жылдарда коррупция деген илдетти түп тамырынан жоюп, жок кылуу болуп саналат. Ал максатыбызга жетишибиз керек. Ооба, коррупцияны жеңүү мүмкүн эмес, анын тамырын кыркуу өтө оор дешиңиздер мүмкүн, ал туура. Ондогон жылдар бою чырмооктой каптаган жемкорчулукту жеңиш өтө кыйын. Бирок, биз бел байлап, кириштик. Эки жылдын ичинде коррупция илдети өлкөбүздө жок болушуна күчүбүздү жумшайбыз”.

“Эсиңиздерде болсо керек, эки жыл мурда уюшкан топторду жойобуз, жок кылабыз дегенде элибиздин басымдуу бөлүгү ишенген эмес. Кээ бири бизди шылдаганга чейин барып, "кылмыштуу топторду жеңе албайсыңар, колуңардан келбейт" деген. Алардын айтканында жүйөө бар эле, кылмыштуу топтор мамлекетти бүт каптап, бийлик органдары менен аралашып калган болчу. Алардын жок болуп, жоюлушуна элдин көзү жетип, акылына сыйган эмес. Мына азыр көрүп жатасыздар, 2025-жылга кирип жатып мен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жетекчиси катары жоопкерчиликтүү түрдө айта аламын, бүгүн өлкөбүздө уюшкан кылмыштуу топтор жок. Уюшкан кылмыштуу бандиттердин баары талкаланды. Албетте, жашоо турмушта кылмышкерлер чыга берет, алар майда кылмыштарды жасашы ыктымал. Аны толук токтотуп коюу мүкмүн эмес. Бирок, уюушуп алып, "мыйзамдагы ууру", "смотрящий", "положенец" болуп алып, аймактары өздөрү каалагандай бөлүп, мамлекеттик кызматтагы адамдар аркылуу өздөрүнүн өкүлдөрүн ишке коюп, саясатка чейин киришип кеткен кылмышкерлер жок болду. Мындан ары андайлар болбойт. Жеке ишкерлер, мамлекеттик кызматкерлер, жөнөкөй адамдар эч кимден коркпостон, үркпөстөн, өздөрүнүн ишин кылганга шарт түзүлдү. Дагы бир кайталап кетейин, бүгүнкү күндө уюшкан кылмыштуу топтор жок болду.

Мына ушундай катаал күрөштүн негизинде коррупцияны да жойгонго аракет кылып жатабыз. Жемкорлорго катаал жаза колдонгон мыйзамга Президентибиз Садыр Нургожоевич кол коюп берди. Ага ылайык, коррупционерлер эми айып төлөө менен бошонуп кеталбайт, мындан ары жемкорлук менен кармалган адамдар сөзсүз түрдө түрмө мөөнөтүн алышат. Экинчиден, адамдардын туугандары - ата-энеси, өмүрлүк жары жана бир туугандары мамлекеттик кызматтарда иштеген болсо, баары четтетилет. Ал эми коррупция менен кармалган адам өзү өмүр бою мамлекеттик кызматта, укук коргоо органдарына жана муниципиалдык жумуштарга тура албайт. Мыйзамдын катаалдыгы ушул жерде турат.

Ошондуктан, мамлекеттик кызматткерлерге ачык кайрылып, коррупциялык иштерге барбашыңыздарды суранам. Айрыкча, министрликте иштеген жооптуу кызматкерлер, илим-билим берүү, медицина тармагындагылар, жергиликтүү жетекчилерге эскертип кетем, эртең "мен билбей калыпмын" деп актанбагыла. Мындан ары коррупцияга каршы күрөштү күчөтөбүз. 2025-2026-жылдын ичинде коррупциялык элемент калбашы керек.

Барыбыз билгендей, кайсы мамлекетте, кайсы коомдо коррупция болсо өнүкпөйт. Саясат туура эмес жакка кетет, жасалмалуулук өкүм сүрөт. Биз алардын баарына бөгөт коюп, өлкөбүздө мыйзамдуулук өкүм сүрүп, акыйкаттык орной тургандай кылабыз.

Коррупциядан сырткары дагы бир маселе бар, биздин прокуратура, укук коргоо, коопсуздук жана сот органдарынын кызматкерлерине карата айта кетейин. Урматтуу Президентибиз Элдик курултайда бизге так тапшырманы коюп, адамдарга күнөөсүз жерден күнөө тагып, атайын уюштурулган чагым менен же атайын алардын артынан түшүп, айыпка жыккандарга чара көрүүнү айтты. Эгер андай фактылар аныкталса, ар бир кызматкер өзү жоопко тартылат. Ошондуктан урматтуу укук коргоо органдардын кызматкерлерине айтаарым, кимде ким күнөөсүз адамды күнөөлөп, "подстава" кылып, же артынан "преследование" уюштуруп, жазага тартканга аракет кылса, аларга катаал жазаларды колдонобуз. Бирөөлөргө атайын чагым уюштуруп жазага тартып алып келген жыйынтыгыңардын бизге кереги жок. УКМКнын жетекчиси, укук коргоо органдарынын куратору катары айтып койоюн, бизге андай "результаттарды" алып келбегиле. Мамлекеттин таза, адилеттүү өнүгүшүнө ар бириңер салымыңар кошушуңар керек. Эгер биз менен бул жолдо кете албасаңар, кызматыңарды тапшырып, башка жумушту кылышыңарды өтүнөм. Катаал, кыйын жолдо биз менен чогуу болобуз деген таза кызматкерлер гана калышы керек.

Ал эми адам укугун коргоо биздин эң негизги милдеттерибиздин бири. Жарандарыбызды жөн жерден күнөөлөбөшүбүз керек. Ошол эле маалда мыйзам бузгангандарды жазага тартышыбыз зарыл”,- деди өз сөзүндө Камчыбек Ташиев.