Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Минкабдын кароосуна Улуттук онкология борборунун директору Бактыгүл Султангазиеваны кызматынан алуу боюнча сунуштама жибергенин маалымдады. Ал бул тууралуу бүгүн, 1-ноябрда парламенттин отурумунда билдирди.

Министр борбордун директорунун ишмердүүлүгүндөгү кемчиликтерди жүйөө келтиргенин, Минкаб төрагасы ага ылайык чечим кабыл аларын билдирди.