Президент Садыр Жапаров таштандыларга каршы бир эсептен оригиналдуу, бир жагынан өтө жөнөкөй кадам таштады.
Ага карата анализделген ой жүгүртүүм менен бөлүшүп койсом…
Президенттин бул кадамы, биринчиден анын жөнөкөйлүгүн, ылдамдыгын, мобилдүү түрдө иш жүргүзөрүн аныктады. Ал жөндө көпчүлүк эл да жазып чыкты.
Экинчиси - образно айтканда “антипротокол”. Президенттин Администрациясында иштеген адам катары өлкө башчынын чарчап чаалыганын бир көрбөдүм. Ылдам кыймылдап, ыкчам чечимдерди алган адам. Мындан тышкары, чоюлган сүйрөлгөн кол алдындагы кызматкерлерди жактыра бербейт.
Менимче, бул жолу да президент тоо-таш көздөй жөнөп калганы, ал жерден. Таштандыларды чогултуп видеого тартканы - экспромт болушу толук мүмкүн. Оор келген госмашинаны оталдырып отурбай, протоколдук жана бюрократиялык тартиптерди кыйгап өтүп жеңил-желпи чыгып кетиш бул да президенттин эң күчтүү жана орусча айтканда “крутой мүнөзү” деп билем.
Үчүнчү момент. Тренд деген нерседен артта калбай, жаңы тенденцияларды туура колдонуу. “Суу десең - суу, тоолор, зобологон аскалар, чытырман токой, карагайлар”…
Жапаровдун кристалдай таза аба жутуп суктанганы - бул өзүнчө идеологиялык конгуроо.
Бирок, буга ким реакция берди? Администрациядан удаа-удаа чыгышып акыр-чикир кеткен талаада салаа-салаа тер кеткен видеолор эмнегедир жок. Ыпыр-сыпыр, таштандыларды терип Идеолог аксакал, Стратег инилерден деле эч кимиси чыкпады…
Классикалык мамлекетттик башкаруу стандарттарына ылайык - башчынын ар бир кадамын, посылдарын дал ошо аппаратта иштегендер алып кетиши керек эле…Тилекке каршы, башкаруу системасынын эрежелери да сакталбай кала береби ? Идеолог аксакалга тийиштүү маселе болчу. Ал киши өз атасы туулуп-өскөн Кочкордогу Чалай жайлоосуна жетип барып, ал жердеги дарыя жээктерин тытмалап тазалап калса деле жарашмак… Үлгү болмок. Таза жашайлы деген жакшы идеологияны алдыга тартмак…
Парижге чейин жеткен Байбасов ушул турган Нарын дарыясына эмнеге жете албай калды? Же ал жерде таштанды жокпу?
Бу кандай? Президент бар, жакшы кадамдары толтура, бирок ошолорду андан ары алып кетчү элпек командасы жок болуп жатабы? Эмне үчүн идеолог, стратег жана медиа блок ынтымактуу, бир нукта иштеп тийиштүү жыйынтык көрсөтө албады? Же лайктардан балчайта басып, дүжүр комменттерди жаадырып жазган менен иш чектелип калды беле?
Демек, президенттин мындан ары жаралган идеялары да уландысы жок кала береби?
Эсиңерде болсо бир кезде президентибиз биринчилерден болуп кирешесинин көлөмүн ачыктады эле… Кызыгы - жанында жүрүп ошол идеяны бергендер кийин өздөрү байлыктары тууралуу унчукпай тим болушту… Идея менен идеология багытына эмне болгон?
Стратегиялык, аналитикалык колдоо саясаты кайда, урматтуу бийик Администрация өкүлдөрү?))
Гүлмира Тыналиева, журналист